Алтындан тумар тагамын,ак бешикке саламын

February 16, 2022, 20:50

Баардык автордук укуктар «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан корголгон. Көчүрүүгө жана жайылтып сатууга тыюу салынат!!! “Бешик ырлары” диски «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду өткөргөн жалпы республикалык конкурстун жыйынтыгында мыкты чыгармалардын топтому болуп чыгарылган. Бул топтомду даярдоо менен салттуу (элдик) жана азыркы бешик ырларын даңазалоо аркылуу балдарды эрте өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатын көздөдүк. Бешик ырлары жакшы каалоолор жана бала менен эненин ортосундагы эмоциялык байланышты камсыз кылат. Баланы жакшы көрүүнү билдирүүдө, наристени сооротууда жана уйкуга даярдоодо бешик ырлары көп кылымдар бою жардам берип келген Бул топтомдо салттуу (элдик) жана жаңы автордук бешик ырлары бар. Аткаруучу Зиягүл Сатыбалдиева. Сөзү: Жеңишгүл Өзүбекова,обону: элдики Алтындан тумар тагамын Ак бешикке саламын Аман-эсен чоңоюп Эл ишине жарагын Алдей, алдей ак балам, ак бешикке жат балам Эл ишине жарагын Күмуштөн топчу тагамын Гул бакчада багамын Күчкө толуп өссө деп Күтүп жатат заманың Алдей, алдей ак балам, ак бешикке жат балам Күтүп жатат заманың Теңир атаң жолдосун Умай энең колдосун Узун өмүр бак берип Кыдыр болсун жолдошуң Алдей, алдей ак балам Ак бешикке жат балам Умай энең колдосун