2024-жылдын 13-августунда ЮНИСЕФтин «Илимдеги кыздар» долбоорунун алкагында пилоттук мектептердин директорлорунун катышуусунда диалог-форум өттү.

August 13, 2024, 12:38

Иш-чарага КР  Билим берүү жана илим министрлигинин уюштуруу жана тарбия иштери боюнча секторунун жетекчиси Болот Иманалиев, Республикалык педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директорунун орун басары Нурбек Жоошбаев, пилоттук райондордун билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары жана долбоордун командасы катышты. 

 

КР Билим берүү жана илим министрлигинин уюштуруу жана тарбия иштери боюнча секторунун жетекчиси Болот Иманалиев Юнисеф жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФна ыраазычылыгын билдирүү менен: "Биз “Илимдеги кыздар” долбоору аркылуу жетишилген олуттуу натыйжаларды көрүп жатабыз жана мектептерде билим берүүнү жана гендердик-сезимтал мамилелерди киргизүү боюнча ишти колдойбуз"-деген ойду айтты. 

 

"Роза Отунбаеванын демилгеси" ЭКФнын директору Роза Кайыкова пилоттук мектептер иштеп чыккан стратегиялык пландарды өлкөдөгү бардык мектептер үлгү катары алып жайылтса мындан да чоң натыйжа болоорун белгиледи: “Илимдеги кыздар долбоорунун алкагында Фонд тарабынан 50 пилоттук мектептердин директорлору үчүн окутуулар, консультативдик жолугушуулар өтүп, пилоттук мектептердин өнүктүрүү пландарына талдоо жүргүзүлдү, ошондой эле мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүн пландаштырууга талдоо жүргүздү” 

 

ЮНИСЕФтин өкүлү Нурия Каракулова Кыргызстандагы билим берүүнүн өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп жаткан долбоор ири натыйжаларын дагы келечекте көрсөтөөрүн белгиледи: “Мектептердин өнүгүү пландарына гендердик-сезимтал ыкмаларды киргизүү менен кыздарга өз потенциалын ачууга жана илимде жана техникада ийгиликтерге жетишүүсүнө колдоо болот деп ишенебиз"-деди өз сөзүндө. 

  

Диалог-форумда пилоттук мектептерде атайын жумушчу топтор тарабынан иштелип чыгып, бекитилүүгө даярдалган  мектептин стратегиялык өнүгүү пландары тууралуу маалымат берилди жана аларды келечекте турмушка  ашыруу боюнча иш чаралар жана мындан аркы кадамдар талкууланды. Диалог форумдун катышуучулары жалпы максаттарга жетүү үчүн билим берүү мекемелеринин, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын ортосундагы кызматташуусунун маанилүүлүгүн белгилешти. 

 

«Илимдеги кыздар» долбоорунун II фазасы 2023-жылдын апрелинен тарта 50 пилоттук мектепте ишке ашырылууда. Тандалып алынган мектептер өлкөнүн 6 району жана 1 шаарында жайгашкан  

(1) Кызыл – Кыя шаары, Баткен  

(2)  Ноокат району, Ош  

(3) Сузак району, Жалал-Абад,  

(4) Аламүдүн району, Чүй  

(5) Ысык-Ата району, Чүй  

(6) Кочкор району, Нарын  

(7) Ат-Башы району, Нарын 

 

ЮНИСЕФтин "Илимдеги кыздар" долбоорунун экинчи этабын "Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду, Балдарды коргоо борбору, БААУ инновациялык колледжи жана Энактас Кыргызстан уюмдары менен өнөктөштүктө ишке ашырууда.