“Жанмуза” поэзия кечеси өтөт

January 24, 2024, 20:05

2023-жылдын 30-январында саат 14:00 КР Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э. А. Алиев атындагы Академиясында (КР ИИМдин Академиясы) “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду “Жанмуза” аталышында поэзия кечесин өткөрөт.

 

Иш-чарада Э.Эрматов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты, КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Ырысгүл Изатованын жана "Сүйология" китебинин автору Мирлан Алтымыш уулунун чыгармалары жаңырат. 

 

Фонддун “Поэзия кечелери” демилгеси белгилүү жана жаш акындарынын поэзиясын колдоого, борбор калаанын жарандарынын жана конокторунун маданий-агартуу эс алуусун өнүктүрүүгө багытталган.

 

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Фонду негизделгенден тартып 113 акын катышкан 46 поэзия кечесин уюштуруп жатат.

 

Поэзия кечеси “Р.Отунбаеванын демилгеси” коомдук фонду тарабынан,“Жаңы толкун” адабий клубунун колдоосу менен уюштурулууда.