"Ностальгия" поэзия кечеси өтөт

December 19, 2023, 00:35
2023-жылдын 21-декабрында саат 11:00 до К.Карасаев атындагы Бишкек Мамлекеттик Университетинде “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду “Ностальгия” поэзия кечесин өткөрөт.

Иш-чарада КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты Элдар Аттокуровдун,КР Эл аралык "Нурборбор" чыгармачылык академиясынын мүчөсү, Айгерим Токтоналиеванын,Россиянын биринчи Президенти Б.Н.Ельцин атындагы Урал Федералдык университетинин магистранты, "Бийигим" ырлар жыйнагынын автору Турсунай Калмурат кызынын, КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Самат Тоялиевдин чыгармалары жаңырат. Поэзия кечесине катышкан акындар өздөрү да К.Карасаев атындагы Бишкек Мамлекеттик Университетинен билим алышканын жана университеттин эмгек жамааты жана студенттери бүтүрүүчүлөрүн чыдамсыздык менен күтүп жатышканын белгилеп кетүү зарыл.

Фонддун “Поэзия кечелери” демилгеси белгилүү жана жаш акындарынын поэзиясын колдоого, борбор калаанын жарандарынын жана конокторунун маданий-агартуу эс алуусун өнүктүрүүгө багытталган.

Поэзия кечеси “Р.Отунбаеванын демилгеси” коомдук фонду тарабынан,“Жаңы толкун” адабий клубунун колдоосу менен уюштурулууда.