Ак-Моюн айылында туура тамактануу боюнча тренинг өттү
November 3, 2025, 07:29
2025-жылдын 31-октябрында Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан «АтаМЕНен» долбоорунун алкагында педиатр, медицина илимдеринин доктору, профессор Турсун Мамырбаева туура тамактануу боюнча тренинг өткөрдү.
Тренингдин жүрүшүндө туура тамактануунун негиздери жана принциптери, күнүмдүк азык өлчөмү жана анын курамы, ошондой эле балдардын ден соолугуна тийгизген таасири менен туура эмес тамактануунун кесепеттери тууралуу жалпы маалымат берилди.
Ошондой эле баланын алгачкы 1000 күнү, 5 жашка чейинки мезгил жана өспүрүм куракта тамактануунун өзгөчөлүктөрү жана нормаларына кенен токтолду.
Профессор ар бир азык-түлүктүн маанисин жана ден соолукка тийгизген таасирин түшүндүрүп, айыл жергесинде кандай шарттарда туура тамактанууга болору тууралуу пайдалуу кеңештер менен бөлүштү.
Тренингдин жыйынтыгында катышуучулар арасында алынган маалыматтардын негизинде викторина өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө белектер тапшырылды.
«АтаМЕНен» долбоору Ага Хан Фонду жана Канаданын Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Долбоордун максаты — балдардын тарбиясына аталардын катышуусун жогорулатуу жана ата-энелердин ролдорун тең бөлүштүрүү аркылуу балдардын эрте жаштан өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү.











