КР экс-президенти Р.И.Отунбаева «Тилекмат аке» сыйлыгына ээ болду

May 12, 2017, 06:00

Кыргыз Республикасынын экс-президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева КР Дипломаттар биримдигинин «Тилекмат аке» сыйлыгына – алтын медалына ээ болду. Сыйлык кечээ 11-май күнү Кыргыз Улуттук Консерваториясынын чоӊ залындагы расмий жыйында тапшырылды.


Белгилей кетсек, аталган сыйлык Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү кадыр-баркын көтөрүүгө салым кошкон, өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринде өзгөчө кызмат өтөгөн инсандарга берилет.


Бул ирет жогорку абройлуу сыйлыкка Р.И.Отунбаева жана Түркүя мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы элчиси Метин Кылыч татыктуу болушту.


Жыйында сүйлөгөн сөзүндө КР экс-президенти Р.Отунбаева Тилекмат акенин алгачкы элдик элчи катары кыргыз мамлекеттүүлүгүн коргоп калуудагы жана Россия, коңшу өлкөлөр менен байланыштарды түзүүдөгү акылман ишмердиги тууралуу белгилөө менен бул инсан жөнүндө жазылган китепти окуп чыгууга үндөдү.


Кыргыз дипломатиясынын ардагерлери Нургазы Кемелбаев, Эрик Асаналиев жана Бактыгүл Каламбекова өз сөздөрүндө Р.Отунбаеванын көп жылдык дипломатиялык кызматтагы натыйжалуу жана үзүрлүү ишмердиги тууралуу айтып беришти. Анын Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүндөгү өзгөчө бийик ордун баса белгилешти.