Алдей, алдей ак бөпөм, Умай энең колдосун

February 20, 2022, 23:34

*Баардык автордук укуктар «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан корголгон. Көчүрүүгө жана жайылтып сатууга тыюу салынат!!!* “Бешик ырлары” диски «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду өткөргөн жалпы республикалык конкурстун жыйынтыгында мыкты чыгармалардын топтому болуп чыгарылган. Бул топтомду даярдоо менен салттуу (элдик) жана азыркы бешик ырларын даңазалоо аркылуу балдарды эрте өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатын көздөдүк. Бешик ырлары жакшы каалоолор жана бала менен эненин ортосундагы эмоциялык байланышты камсыз кылат. Баланы жакшы көрүүнү билдирүүдө, наристени сооротууда жана уйкуга даярдоодо бешик ырлары көп кылымдар бою жардам берип келген Бул топтомдо салттуу (элдик) жана жаңы автордук бешик ырлары бар. Аткаруучу Зиягүл Сатыбалдиева. Сөзү: Кененбаева Жүрсүн, обону: элдики Алдей, алдей ак бөпөм Умай энең колдосун Кунан койду сой бөпөм Куйругуна той бөпөм Умай энең колдосун Алдей балам, ыйлаба Энекеңди кыйнаба Сакадай жаным сен үчун мен кетейин садага Алдей,алдей ак бөпөм Ак бешикке жат бөпөм Элин багып, сыйлаган Эмгекчил болгун ак бөпөм Эне сүтун актаган Камкор болгун, ак бөпөм