Таланттуу балдар “Гений” радиоберүүсүндө

January 13, 2020, 00:24

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн 2019-жылга карата жыйынтыктоочу чыгарылышында эл аралык сынактардын жеңүүчүлөрү, Кыргызстандын желегин чет өлкөлөрдө желбиретип келген таланттуу балдар катышты. Мукаш Абдраев атындагы атайын музыкалык мектеп интернатынын окуучусу Алтынай Белекова ооз комузда, ал эми Сезим Анарбекова менен Наргиза Умарова виолончель аспабында дуэт ойноп беришти. Таэквондо боюнча Азия чемпиону, кара курдун ээси Адилет Ногойбаев эмне себептен бул спорттун түрүн тандап калгандыгын жана ийгиликтерге кантип жетишкендиктери жөнүндө айтып беришти.