«Үмүт үйүндө» Эл аралык улгайган адамдар күнүнө арналган поэзия кечеси өттү

October 2, 2026, 10:10

«Жүрөктү жылыткан поэзия»

«Үмүт үйүндө» Эл аралык улгайган адамдар күнүнө арналган поэзия кечеси өттү


2026-жылдын 1-октябрь, Бишкек шаары — Эл аралык улгайган адамдар күнүнө карата Бишкек шаарындагы улгайган адамдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн муниципалдык социалдык стационардык мекеме болгон «Үмүт үйүндө» поэзия кечеси жана чыгармачылык жолугушуу өттү.

Алгачкы куттуктоо жана ачылыш сөздү «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматка эмгек сиңирген ишмери Кайыкова Роза Жазбаевна сүйлөп, куттуктады.

Кечеде Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, драматург, акын, тележурналист, продюсер жана сценарист Жеңишкүл Өзүбекова өзүнүн поэзиясын тартуулап, «Үмүт үйүнүн» тургундары менен кенен баарлашты.

Поэзияга аралаш музыкалык номерлерди Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин студенти Алманбек уулу Ислам жана «Жаңы толкун» адабий клубунун мүчөсү Толгонай Сариева көрүүчүлөргө жагымдуу музыкалык номерлерин тартуулады.

Кеченин соңуңда Кайыкова Р. Ж. Фонд тарабынан чыгарылган китептерди жана таттууларды “Үмүт үйүнүн” директоруна тапшырды.

Бул кечеде бир тартаптуу эле болобостон эскерүүлөр жана  жандуу баарлашуу аркылуу кеченин катышуучулары өздөрүнүн сезимдери менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Кеченин соңунда “Үмүт үйү” мекемесинин директору Зарина Аскеровна жана Үмүт үйүнүн Ардагерлери Фондго жыл сайын ушундай иш чараларды уюштуруп келе жатканына ыраазычылыктарын билдирип, ийгилик каалашты.

Бул иш чара муундар аралык байланышты жана коомдогу өз ара урмат-сыйды бекемдөөгө багытталган Фонддун демилгелеринин бири.

Иш- чарага колдоо көргөзгөн  Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтуна жана “Жаңы толкун” адабий клубуна  ыраачылык билдиребиз!