«Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду жана TİKA мындан аркы кызматташтыкты талкуулашты
September 7, 2026, 20:34
«Роза
Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Роза
Жазыбаевна Кайыкова жана Фонддун кызматкерлери Түрк кызматташтык жана
координация агенттигинин (TİKA) өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууга TİKAнын
Кыргызстандагы жаңы координатору Эрсин Чопур да катышты.
Фонддун
өкүлдөрү Эрсин Чопурду жаңы кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап, ишине
ийгиликтерди каалашты. Андан соң жаңы координатор Фонддун ишмердүүлүгү, анын
негизги багыттары, ошондой эле ишке ашырылып жаткан социалдык, билим берүү жана
маданий долбоорлор менен таанышты. Тараптар мындан аркы кызматташтыктын
багыттарын жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Жолугушууда
көрүүсү начар адамдар үчүн аудиокитептерди колдонууга мүмкүнчүлүк берген
мобилдик тиркемени түзүү боюнча биргелешкен демилгеге өзгөчө көңүл бурулду. Бул
демилге өткөн жылы Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Элчилиги, «Роза
Отунбаеванын демилгеси» фонду жана TİKA тарабынан биргелешип көтөрүлгөн.
Тиркемени
түзүүнүн негизги максаты — көрүүсү начар адамдардын адабий, билим берүүчү жана
маданий материалдарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү. Тараптар демилгени ишке
ашыруунун кийинки кадамдарын жана тиркемени иштеп чыгуу боюнча мындан аркы
биргелешкен иштерди талкуулашты.
Мындан тышкары,
билим берүү, маданият, инклюзия жана адамдык потенциалды өнүктүрүү
багыттарындагы кызматташтыктын башка келечектүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.


