Ысык-Көл облусунда Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору
September 2, 2026, 19:41
«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду тарабынан жай мезгилинде ишке ашырылып келген Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору быйыл Ысык-Көл облусунда да өз ишин улантты.
Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору Түп, Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорунда ишин улантып, быйыл Тоң районундагы борборлордун иши кайрадан жанданды. Жалпысынан Ысык-Көл облусунун алыскы жайыттарында жашаган 700гө жакын балага өнүктүрүү жана мектепке чейинки билим берүү кызматтарын алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору мал чарбачылыгы менен алектенген, жай мезгилин алыскы жайыттарда өткөргөн үй-бүлөлөрдүн өзгөчө шарттарын эске алуу менен уюштурулат. Борборлор балдарга жашаган жерине жакын жерде билим алуу, өнүгүү жана теңтуштары менен баарлашуу мүмкүнчүлүгүн түзөт.
Борборлордо балдардын жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайык өнүктүрүүчү, таанып-билүүчү жана чыгармачылык сабактар, оюндар, топтук жана практикалык иш-чаралар өткөрүлдү. Сабактар балдардын сүйлөө жөндөмүн, ой жүгүртүүсүн, чыгармачылыгын, майда моторикасын, социалдык көндүмдөрүн жана эмоционалдык өнүгүүсүн колдоого багытталды. Балдардын коопсуз жана жагымдуу чөйрөдө билим алуусуна, өз ара баарлашуусуна жана жаңы көндүмдөрдү өздөштүрүүсүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Борборлордун ишинин сапатын камсыз кылууда тарбиячыларга методикалык жана уюштуруучулук колдоо көрсөтүү маанилүү багыттардын бири болду. Ысык-Көл облусунун облустук координатору Узакова Эльмира тарбиячылар үчүн борборлордун ишин уюштуруу, сабактарды натыйжалуу пландаштыруу жана өткөрүү, балдар менен иштөөдө колдонулуучу усулдар боюнча методикалык сабактарды өткөрдү. Ошондой эле балдар үчүн ар түрдүү өнүктүрүүчү жана чыгармачылык мастер-класстар уюштурулуп, практикалык иш-аракеттер аркылуу алардын кызыгуусун жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө басым жасалды.
Жайлоодогу
өнүктүрүү борборлорунун дагы бир маанилүү багыты – ата-энелерди балдардын
өнүгүү процессине тартуу. Ата-энелер балдардын борборлордогу сабактарга
катышуусун колдоо менен бирге, балдарды эрте өнүктүрүү жана тарбиялоо боюнча
маалыматтарды алып, айрым иш-чараларга жана практикалык жолугушууларга
катышышты.
Жайлоодогу
өнүктүрүү борборлору алыскы жайыттарда жашаган балдардын сапаттуу эрте
өнүктүрүү жана мектепке чейинки билим берүү кызматтарына жеткиликтүүлүгүн
кеңейтүүгө багытталган маанилүү демилгелердин бири болуп саналат. Бул иш
балдардын ар тараптуу өнүгүүсүн колдоо менен катар ата-энелердин балдарды
тарбиялоодогу ролун күчөтүүгө жана тарбиячылардын кесиптик мүмкүнчүлүктөрүн
өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.












