“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонддун негиздөөчүү Роза Отунбаева Кытайдын делегациясы менен жолугушуп, Си Цзиньпиндин 5-томун которуу жана кызматташуу пландарын талкуулады
July 13, 2026, 00:17
“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонддун негиздөөчүү Роза Отунбаева Кытайдын делегациясы менен жолугушуп, Си Цзиньпиндин 5-томун которуу жана кызматташуу пландарын талкуулады
Бишкек шаары, 2026-жылдын 12-июлу — "ОлолоПланет" имаратында "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү, КР Экс-президенти Роза Отунбаева Кытай Эл Республикасынан (КНР) келген расмий делегация менен маанилүү жумушчу жолугушуусун өткөрдү.
Жолугушуунун катышуучулары:
* Кыргыз тараптан: Фонддун негиздөөчүсү Роза Отунбаева, аткаруучу директор Роза Кайыкова, Си Цзиньпиндин китептеринин 2-3-4-томдорунун котормочулары Эсенбай Нурушев, Абибилла Пазылов, редактору Эмилбек Каптагаев жана фонддун кызматкерлери.
* Кытай тараптан: КЭРдин Чет тилдеги адабияттарды басып чыгаруу жана таратуу башкармалыгынын башкы директорунун орун басары Юй Инфу мырза, КЭР Мамлекеттик кеңешинин маалымат кызматынын өкүлү Цзи Юань мырза, Кытайдын алдыңкы университеттеринин ректорлору жана Чет тилдеги адабияттарды басып чыгаруу жана таратуу башкармалыгынын кызматкерлери.
Жолугушууда Роза Отунбаева Си Цзиньпиндин китептерин кыргыз тилине которуу фонд үчүн чоң жоопкерчилик жана сыймык экенин баса белгиледи. Ал буга чейин фонд В.Брандт, Аль-Мактум, Дж.Кеннеди, Махатма Ганди сыяктуу дүйнөлүк лидерлердин эмгектерин ийгиликтүү басып чыгарганын эске салып, кызматташтыкты кеңейтүү боюнча төмөнкү сунуштарды киргизди:
1. Жаңы багыттар: Дүйнөлүк лидерлердин эмгектеринен сырткары, балдар жана аялдар үчүн таанымдык китептерди которуу.
2. Маданий иш-чаралар: Биргелешкен ири китеп фестивалдарын уюштуруу.
3. Тажрыйба алмашуу: Эки өлкөнүн адистеринин ортосунда тажрыйба алмашуу программаларын ишке киргизүү.
4. Академиялык аянтча: Жогорку окуу жайлар арасында Экология жана Информациялык технологиялар (IT) сыяктуу актуалдуу темаларда форумдарды өткөрүү.
Ошондой эле, котормочу Абибилла Пазылов кытай тили боюнча сапаттуу адистерди даярдоо жана ай сайын Кытай тууралуу атайын журнал чыгаруу демилгесин көтөрдү. Редактор Эмилбек Каптагаев Си Цзиньпиндин китептерин кыргызчалоодогу жана редакциялоодогу өзгөчө маанилүү жагдайларга токтолду.
Кытай тараптын башчысы Юй Инфу мырза сунушталган бардык демилгелерди толугу менен колдоорун жана аларды иш жүзүнө ашырууга даяр экенин билдирди. Ал Кытай лидеринин китептерин кыргыз окурмандарына жогорку деңгээлде жеткиргендиги үчүн фондго терең ыраазычылык айтты.
Тараптар Си Цзиньпиндин китебинин 5-томун которуу боюнча Меморандумга кол коюу иш-аракеттерин баштоону макулдашты.
Иш-чаранын алкагында кытайлык делегация өзгөчө эмгеги үчүн котормочулар Эсенбай Нурушевге, Абибилла Пазыловго жана редактор Эмилбек Каптагаевге расмий Сырттан бааланган Сертификаттарды салтанаттуу түрдө тапшырды.
Жолугушуунун соңунда эки тарап тең достук жана маданий кызматташтыкты мындан ары дагы бекемдөөгө даяр экендиктерин ырасташты.












