2026-жылы жайлоо өнүктүрүү борборлору өз ишин баштады
June 12, 2026, 08:31
2026-жылдын жайкы мезгилинде Кыргызстандын бийик тоолуу жайлоолорунда балдардын өнүгүүсүн жана пайдалуу эс алуусун колдоо максатында уюштурулган жайлоо өнүктүрүү борборлору өз ишин баштады.
Быйыл өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы жайлоолордо жалпысынан 70ке жакын өнүктүрүү борбору иш алып барат. Учурда Кара-Кулжа, Базар-Коргон, Ат-Башы, Нарын жана Ак-Суу райондорунун жайлоолорунда жайгашкан борборлор балдарды кабыл алып, өз ишин баштады.
Жакынкы күндөрү жайлоо өнүктүрүү борборлору
Кыргызстандын башка райондорунда да иштей баштайт. Бул демилге жайкы мезгилде
жайлоодо жашаган жана көчүп барган үй-бүлөлөрдүн балдарын өнүктүрүүчү жана
билим берүүчү иш-чаралар менен камтууга багытталган.
Борборлордо балдар үчүн китеп окуу, чыгармачылык,
таанып-билүүчү оюндар, маданий мурастарды үйрөнүү, экологиялык тарбия берүү
жана социалдык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган ар түрдүү иш-чаралар
өткөрүлөт.
Жайлоо өнүктүрүү борборлорунун негизги максаты —
балдарга жашаган жерине карабастан сапаттуу өнүгүүгө мүмкүнчүлүк түзүү, алардын
коопсуз жана жагымдуу чөйрөдө эс алуусун камсыз кылуу.
Бул долбоор балдардын жайкы эс алуусун мазмундуу
өткөрүүгө, муундар ортосундагы байланышты бекемдөөгө жана жайлоо маданиятын
сактоого салым кошот.
Жайлоо өнүктүрүү борборлору 2026-жылдын жайкы мезгили
ичинде ишмердүүлүгүн улантат.





