Бишкек шаарындагы №40 мектепте “Жылдыздар балдарга китеп окуйт” акциясынын алкагында акын, журналист Бурулкан Сарыгулова окуучулар менен жолугушту

April 15, 2026, 22:03

Бишкек шаарындагы №40 мектепте “Жылдыздар балдарга китеп окуйт” акциясынын алкагында акын, журналист Бурулкан Сарыгулова окуучулар менен жолугушту. Иш-чара балдардын китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу максатында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулду.


Жолугушуунун жүрүшүндө Бурулкан Сарыгулова окуучуларга Салижан Жигитовдун котормосундагы “Алтын балык” жомогун окуп берди. Андан соң жомоктун мазмуну жана таалим-тарбиялык мааниси тууралуу жандуу талкуу уюштурулуп, окуучулар өз ойлорун бөлүшүп, кызыккан суроолорун узатышты. Ошондой эле алар коноктун өмүр жолу, чыгармачылыгы жана жеке жашоосу тууралуу да суроолорду берип, кенен жооп алышты. Балдардын суранычы менен акын өз калемине таандык айрым чыгармаларын да окуп берди.


Иш-чарага Фонддун аткаруучу директору Роза Кайыкова жана Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Мурсаева катышып, окуучуларды китеп окууга чакырып, аларга дем-күч беришти.


Жолугушуу окуучуларда өзгөчө кызыгуу жаратып, алар активдүү катышып, суроо-жооп бөлүгүндө да жигердүүлүгүн көрсөтүштү.Фонд Бурулкан Сарыгуловага иш-чарага катышканы үчүн, ал эми мектеп жетекчилигине акцияны уюштурууга көрсөткөн көмөгү үчүн терең ыраазычылык билдирет.


Белгилей кетсек, “Жылдыздар балдарга китеп окуйт” акциясы Кыргызстанда 13 жылдан бери өткөрүлүп, окуучуларды китепке болгон кызыгуусун арттырууга багытталып келет. Фонд бул багыттагы иш-чараларды мындан ары да улантууну пландаштырууда.