«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду И.Арабаев атындагы КМУда балдарды коргоо жана эрте өнүктүрүү боюнча семинарга катышты

March 16, 2026, 11:20

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук  фондунун өкүлдөрү  И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өткөн  «Балдарды коргоо жана эрте өнүктүрүү: социалдык колдоо жана мектепке чейинки билим берүү тажрыйбалары» аталышындагы семинарга катышты.


Иш-чарага Кыргыз Республикасынын аялдар комитетинин коомдук бирикмесинин төрайымы Чынара Майтыкова, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу «Аялзат» кризистик борборунун директору Мээрим Сыдыгалиева, педагогика жана психология институтунун директору Гүлзат Казиева, педагогика жана психология институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.


Иш-чаранын жүрүшүндө “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Роза Кайыкова эрте курактан өнүгүү маселелери, балдарды коргоодо ата-энелердин ролунун маанилүүлүгүн белгиледи. Фонддун долбоор координатору Асель Джакыпбекова “5 кадам” программасынын алкагында ата-энелерге эрте өнүгүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө презентация кылды. Алагөз улуу Азамат  Жайлоо өнүгүү долбоорунун жетишкендиктери, “АтаМЕНен”  долбоорлору тууралуу маалымат берди. Юнисефтин Кыргызстандагы өкүлү Чынара Жумагулова “Альтернативдүү мектепке чейинки программалар” аталышында баяндама жасады.


Семинардын максаты: Студенттердин жана мугалимдердин үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулуктун алдын алуу, жабырлануучуларга психологиялык жардам көрсөтүү механизмдери боюнча маалымдуулугун жогорулатуу, ошондой эле балдарды эрте өнүктүрүү жана альтернативдүү мектепке чейинки билим берүү программаларынын мааниси тууралуу тажрыйба жана маалымат менен тааныштыруу.


Иш-чара КМУнун педагогика жана психология институтунун мектепке чейинки билим берүү технологиясы кафедрасы тарабынан уюштурулду.