Кыргыз Республикасынын экс-президенти Р.Отунбаеванын Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн 55 жылдык мааракесине карата телерадио кызматкерлерин куттуктоо сөзү

December 6, 2013, 06:00

Быйыл Кыргыз телекөрсөтүүсүнө 55 жыл толуп олтурат. Көгүлтүр экран ачылгандан тарта кыргыз телекөрсөтүүсү өлкөбүздүн турмушундагы урунттуу окуяларды коомчулукка чагылдырып келет. Ал кезден бери мамлекетибиз бир топ тарыхый өзгөрүүлөрдү башынан өткөрдү. Жарым кылымдан ашык убакытта Кыргыз телекөрсөтүүсү эл тагдырын тең бөлүшүп, кайталангыс тарых барактарын алтын казынага топтоп, бүгүнкү күндө жашообуздун ажырагыс бөлүгү болуп калды. Жакынкы тарыхыбызга кайрылсак, эгемен өлкөбүздүн түптөлүшүндө, өз алдынча өнүгүүнүн жолуна түшүп, элибиздин руханий аң сезимин көз карандысыз жаңы турмушка калыптандырууда, кыргыз телеберүүсүнүн салымы зор.


Урматтуу телерадио кызматкерлери,


Сиздер элибизге, жакшылыкта майрамдык шаң тартуулап, оор кезеңде кайрат кошуп, күнүмдүк турмушунда жаңылыктардын жарчысы жана маданиятынын казынасы болуп, күжүрмөн эмгегиңиздер менен талыкпас кызмат өтөп келесиздер!


Парламенттик өнүгүүнүн жолуна түшкөн мамлекетибиздин алдында дагы да болсо курч сыноолор, маселелер аны менен бирге албан ийгиликтер, жеңиштер алдыда турат. Андыктан, аткарып жаткан ишиңерден тайбай, жаңы демилгелердин, алдыңкы жетишкендиктердин толкунунда өсө беришиңерге тилектешмин!


Бардыгыңыздарга албан ийгиликтерди, чыгармачыл эргүүлөрдү, үй-бүлөлүк бакубат жашоо каалап, белгиленип жаткан салтанаттуу маарекеңер менен чын жүрөктөн куттуктайм!