Фонддун жетекчилиги Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолукту
November 1, 2024, 08:22"Роза Отунбаеванын демилгеси" ЭКФнун аткаруучу директору Роза Кайыкова жана Фонддун өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен жолукту.
Роза Кайыкова Баткен облусунда ишке ашып жаткан “Аялдар тынчтык тиреги” долбоорунун алкагында аткарылган иш-чаралар, жергиликтүү демилгелердин негизинде жаңы ачылып жаткан чакан ишканалар, бала-бакчалар, мекемелер тууралуу маалымат берди. Ошондой эле Фонддун жана өнөктөштөрүнүн облус аймагындагы демилгелерин колдоп жаткандыгы үчүн Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнө ыраазычылык билдирди.
Жолугушууда Фонддун өкүлдөрү Баткен облусунун 25 жылдыгы менен куттуктап, аймактын тынчтыкта өнүгүү тилегин билдиришти.