1-октябрь Эл аралык улгайган адамдар күнүнө арналган поэзия кечеси өттү

September 30, 2024, 12:06
2024-жылдын 27-сентябрында Эл аралык карылар күнүн утурлай Бишкек шаарындагы улгайган жана майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык стационардык мекеме болгон “Үмүт үйүндө” белгилүү акын Акбар Кубанычбековдун катышуусу менен поэзия кечеси өттү.

Иш-чара “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулду. Поэзия кечеси карылардын көйгөйлөрүнө жана “Үмүт үйүндө” улгайган адамдардын муктаждыктарына көңүл буруу жана ата-апалардын көңүлүн көтөрүү максатын көздөйт.

Кечеде Акбар Кубанычбеков өзүнүн автордук ырларын окуп, белгилүү ырчыларга жазып берген ырларын комуздун коштоосунда аткарып берди. Ошондой эле ал чоң ата, чоң энесинин колунда чоңойгонун эскерип, аларга арналган ырларын жалпы ата-апаларга тартуулады.
Кечеде карылар үйүндө жашаган чыгармачыл ата-апалар да обондуу ырларын аткарып таланттарын тартуулашты. Андан сырткары көркөм окуу боюнча чебер Раиса Акылтай кызы ата-эне, жашоо тууралуу ырларды көркөм окуду.

Карылар үйүнүн жашоочулары кечедеги лириканы угуп жаш кезин эскеришсе, адамзатка арналган ырларда ойго батып, обондуу ырларды коштоп ырдап жатышты.Бул “Поэзия кечеси”алардын көңүлүн көтөрүп,жакшы маанай тартуулай алды.

Үмүт үйүнүн жашоочусу Майрамкулова Күлипа апа Роза Отунбаева Президент кезинде карылар үйүнө келип, абалына абдан көнүлү ооруганын эскерди. “Роза Исаковна мен бул жактын абалын ондогондо болгон мүмкүнчүлүгүмдү жумшайм деген эле, андан бери биздин жашообуз кыйла жакшырды, ал адамга жана Фонддун жалпы кызматкерлерине бизге көңүл буруп турганы үчүн ыраазычылыгымды билдирем жана Роза Исаковнага салам жолдойм”,- деп кошумчалады Майрамкулова Күлипа.

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Фондунун аткаруучу директору Роза Кайыкова Карылар күнү менен куттуктап, иш-чаранын максаты тууралуу айтып берип кеченин катышуучуларга бекем ден соолук каалады.

“Умүт үйүнүн” кызматкери Элзат Көчөрбаева Фондго жана акын Акбар Кубанычбековго Ыраазычылык баракчасын тапшырып, чыгармачыл топко ийгиликтерди каалап өттү.

Фонддун “Поэзия кечелери” демилгеси белгилүү жана жаш акындарынын поэзиясын колдоого, борбор калаанын жарандарынын жана конокторунун маданий-агартуу эс алуусун өнүктүрүүгө багытталган.