Стамбулдагы билим берүү мекемелеринде тажрыйба алмашуу уланууда

September 26, 2024, 05:41

Жайлоодогу бала бакчалардын тарбиячылары Стамбулдагы бала бакчалардын жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын иш тажрыйбасын үйрөнүү программасынын алкагында Halil vedat firatli anaokulu билим берүү мекемесине жана Belediye Anaokulu бала бакчасына барышты.


Бул иш сапардын максаты - Түркиядагы билим берүү ыкмалары жана бала бакчалардагы практикалар менен таанышуу. 


Halil vedat firatli anaokulu билим берүү мекемеси мектепке чейинки курактагы балдар жана башталгыч класстардын окуучулары үчүн билим берүүгө арналган. Мекеменин жетекчиси Duran Altay Кыргызстандан келген тарбиячылар делегациясына Түркиядагы билим берүү системасы тууралуу маалымат берди. Кыргызстандык тарбиячылар түрк бала бакчасындагы сабактарга катышып, тажрыйба менен таанышышты.


Belediye Anaokulu бала бакчасы болсо Монтессори системасынын элементтерин негиз катары колдонуп, 1 миллион калк жашаган муниципалитетте орун алган. Бул бала бакча 2 сменада балдарды кабыл алып, жайлоо бала бакчаларынын тарбиячылары дагы бул мекеменин сабактарына катышып, тажрыйба алышты.


Аталган программа "Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду жана Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер Союзу тарабынан колдолуп уюштурулду.