Поэзия кечелеринин күзгү сезону ачылат

September 20, 2024, 07:30
2024-жылдын 24-сентябрында саат 14:00 Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунда “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду поэзия кечеин өткөрөт.

Иш-чарада КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Максуда Ормонованын жана Ч.Турсунбеков атындагы сынактын жеңүүчүсү Канат Таалайбек уулунун чыгармалары жаңырат.

Фонддун “Поэзия кечелери” демилгеси белгилүү жана жаш акындарынын поэзиясын колдоого, борбор калаанын жарандарынын жана конокторунун маданий-агартуу эс алуусун өнүктүрүүгө багытталган.

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Фонду негизделгенден тартып 119 акын катышкан 49- поэзия кечесин уюштуруп жатат.

Поэзия кечеси “Р. Отунбаеванын демилгеси” коомдук фонду тарабынан, “Жаңы толкун” адабий клубунун колдоосу менен уюштурулууда.