“Вилли Брандт. Тандалма сөздөр жана макалалар” китебинин бет ачары өттү

September 22, 2022, 22:10

21-сентябрда «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду тарабынан которулуп, кыргызча басылып чыккан “Вилли Брандт. Тандалма сөздөр жана макалалар” китебинин бет ачары өттү.


Иш-чарага КР өкмөтүнүн жана мамлекеттик, эл аралык уюмдардын, элчиликтердин өкүлдөрү, Жогорку кеңештин депутаттары, академиялык уюмдардын, өнүгүү институттарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү катышышты.


Иш-чаранын ачылышында Кыргызстандагы Германиянын ыйгарым укуктуу элчиси Габриэла Геллил бул китептин кыргыз тилинде басылышы Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзлүшүнүн 30 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында ишке ашканын белгиледи.


«Германиянын Фридрих Эберт атындагы фондунун көмөгү менен “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү, экс-Президент Р.Отунбаеванын демилгеси тарабынан Вилли Браднттын тандалма сөздөрү жана макалаларынын басылып чыгышы, балким азыр Кыргызстанда иштеп жаткан саясатчылар үчүн жаңы ачылыштарды алып келет деп ишенем»- деди Габриелла Геллил.


Кыргызстандагы Фридрих Эберт атындагы Фондунун өкүлчүлүгүнүн аймактык жетекчиси Филип К.Ян Вилли Брандттын өмүрүнүн орунттуу окуяларына токтолуп, тарыхый инсандын ар бир кабыл алган чечими тарыхта калганын белгиледи. «Вилли Брандттын «Көбүрөөк демократияны сактоо» деген урааны биздин Фонддун ишмердүүлүгүнүн жана башка уюмдардын ишинде баалуу багыт болуп калганын белгилегим келет» - деди Филип К.Ян


Германиядагы Кыргызстандын ыйгарым укуктуу элчиси Текебаев Өмүрбек Чиркешович Вилли Брандт партиянын баласы болгонун белгилеп, социал-демократия анын кан жаны менен бирге бекемделгенин айтты. «Социал-демократия анын атасын да энесин да алмаштырган. Бул партия гана эмес, бул рухий-саясый агым, социал демократия дүйнө келечегинин альтернативасы экенин Вилли Брандт белгилеген» - деди Өмүрбек Текебаев.

 

Вилли Брандт өрнөктүү өмүрү, анын ой-толгоолору, ички дүйнөсүнүн чордонун эркиндик, акыйкаттык жана кызматташтык баалуулуктары түзгөндүгүн, ал аз өмүрүн мына ушул баалуулуктарды турмуш чындыгына айлантууга арналгандыгын панелдик дискуссиянын катышуучулары да белгилешти.  Кыргызстандан калкынын ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Абдыганы Эркебаев, Кыргыз Республикасынын социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, шайлоо боюнча эксперт Айнура Усупбекова, Сорос фондунун Программалык директору Эмиль Джураев, «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын экперти Динара Ошурахунова, «Полис Азия» аналитикалык борборунун жетекчиси Эльмира Ногойбаева Вилли Брандтын эмгектери  кыргыз тилине алгачкы жолу которулушу менен кыргыз тилинде саясий адабиятты жайылтуу, социалисттик интернационалдын мурунку Президенти, эл аралык жумушчу кыймылынын көрүнүктүү ишмери, дүйнөлүк Нобель сыйлыгынын лауреаты В. Брандттын тандалма сөздөрү жана макалаларын жайылтууга мыкты шарт түзгөнүн белгилешти.


Китеп Германиянын Фридрих Эберт атындагы фондунун көмөгү жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан Кыргыз Республикасынын Германия менен  кызматташтыгынын 30 жылдыгына карата жана  “Өмүрү өрнөк инсандар” түрмөгүнүн алкагында басылды.


Китеп саясат таануучуларга, тарыхчыларга, жогорку окуу жайлардын докторанттарына, магистранттарына жана студенттерине, ошондой эле жалпы окурмандарга арналат.


Китептин котормочусу: Мамлекеттик башкарууда бай тажрыйбасы бар, коомдук ишмер - Эмилбек Каптагаев Брандттын жашоосундагы 10 тарыхый жер жана окуялардын негизинде даярдалган иллюстрациялар аркылуу анын саясий ой жүгүртүүсү жана ишмердүүлүгү менен таанышуу мүмкүн.  Кыргызстандагы Фридрих Эберт атындагы фонддун өкүлчүлүгүнүн илимий кызматкери Ильяс Сатыбалдиев “Калктардын элдешүүсү, тынчтык жана эркиндик үчүн өмүр” аталышындагы эл аралык көргөзмөнүн максаты менен тааныштырды. Көргөзмө 21-сентябрдан 30-октябрга чейин Улуттук тарых музейинде уланат.