"Бизнес, эне тил жана депрессия". Европадагы кыргыздарды эмне ойлондурат?

July 19, 2022, 09:21

12-13-июлда Швейцариянын Люцерн шаарында жигердүү кыргызстандыктар, IT көчмөндөр, кыргыз диаспораларынын лидерлери “Чөйрө" форумуна чогулушту. “Азаттык” бул форумда көтөрүлгөн айрым сунуштарды топтоду.

“Чөйрө-2022” форумунда Кыргызстанга жана кыргыз диаспорасына тиешелүү маселелерди негизинен IT же маалымат технологиялары аркылуу чечүү жолдоруна көңүл бурулду. Мындан тышкары Европадагы кыргыз диаспораларын бир конфедерацияга бириктирүү, бизнесмендердин катарын калыңдатуу, мигранттарга психологиялык жактан жардам көрсөтүүчү онлайн платформа түзүү сыяктуу бир катар сунуштар айтылды.

Конфедерация түзүү демилгеси

Чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларынын федерацияларын жана конфедерациясын түзүү демилгесин жакынкы мезгилге чейин Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын Украинадагы ыктыярдуу өкүлү болуп иштеп келген, учурда Польша жана Германияда эмгектенип жаткан ишкер Азамат Исмаилов көтөрдү.

Анын айтымында, Европадагы кыргыз диаспоралары көп, алардын башын бириктирген платформа зарыл жана конфедерация болсо көйгөйлөрдү кыргыз өкмөтү жана Европадагы өлкөлөрдүн бийлиги менен биргелешип чечкенге оңой болот.

“Европада көп активисттерди көрдүм. Алар жарандык коомдорду түзүп, ар ким өзү жакшы билген тармактарда иш алып барып жатат. Бирок глобалдуу түрдө кыргызстандыктардын маселелерин чечүү жана аларга жардам берүү багытында жетиштүү иш-чаралар жүрбөптүр. Ошону байкаганым үчүн биз диаспоралар түзүлсүн, диаспоралардын үстүндө федерациялар болсун, федерациялардын үстүндө конфедерация болсун деп сунуштап жатабыз. Ошол конфедерация Европадагы кыргыздардын көйгөйүн Европарламентке жеткире турган күч-кубатка ээ болушу керек. Анткени сиз жүз кишиден турган бир уюм менен бир маселеңизди көтөрсөңүз, Европа мамлекети сизди көңүлгө албайт. Бирок курамына жүз миң киши кирген конфедерация “ушундай маселелерибиз бар, аны чечкибиз келет” десе, бизге жол көрсөтүшөт деген пикирдемин”, - деди Азамат Исмаилов.

Ишкерлердин башын бириктирүү аракети

Азамат Исмаилов мындан тышкары Европада кыргызстандыктардын жарандык уюмдары көп болгону менен кыргыз ишкерлеринин саны аз экенин белгиледи. Ал кыргыз диаспорасынын арасында бизнестин көзүн тапкандар көбөйсө, алардын жардамы менен айрым маселелер чечилерин кошумчалады.

Форумга катышкан кыргызстандык ишкер, Түркиядагы “Кыргызстан” достук жана маданият коомунун негиздөөчүсү Айбек Сарыгул Европадагы кыргызстандык ишкерлердин башын бириктирген бизнес клуб керек экенин баса белгилеп, “Чөйрө” форумун уюштурган IT адистерди бул багытта атайын санарип платформа түзүүгө чакырды.

“Бизнес чөйрөсүн бириктирген, ишкерлер бир жерден маалымат ала алган платформа түзө алсаңар, бизнесмендер ошол жердин кызматын пайдаланганы үчүн силердин платформаңарды дагы кеңейтүүгө салым кошот эле. Силер “ушул платформаны колдонсоңор, тапкан акчаңардын 10 пайызын ташташ керек” деп айтсаңар, алар ташташат. Бул көп акча болот", - деп айтты Сарыгул.

Мигранттардын психикалык саламаттыгы

Италиядагы кыргызстандык мигранттар кыргыз тилинде психологиялык жардам көрсөтүүчү санарип платформаларга муктаж экенин Сардиния аралынан келген “Кыргызстан Сардиния Онлус” ассоциациясынын вице-президенти Таалайкүл Рысалиева айтты.

Ал Сардинияда кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү үй жумушчусу катары кары-картаңдарды, балдарды багып иштей турганын, алардын арасында депрессияга же стресске кабылгандар бар экенин, мигранттардын бир бөлүгү тил барьеринен улам италиялык психологдорго бара албай жатканын белгиледи.

"Алар биринчиден үйүнөн алыс. Барган жеринде бейиш болуп кетпейт. Жумушта ар кандай учур болот. Жумуш берүүчүлөр менен тил табышпай калат. Мекенинде үйүндө калган жакындарынан да жетиштүү колдоо албай калат. Үй-бүлөдө кызгануу деген болот. Депрессияга, стресске түшүп кетип жатышат", - деди Рысалиева.

Рысалиева чет жактагы кыргызстандыктарды финансылык сабаттуулугун жогорулата турган онлайн тиркемелер да керек экенин, себеби мигранттардын арасында акчасын каржы пирамидаларына алдатып жибергендер бар экенин кошумчалады.

Адистердин базасын түзүү аракети

Германияда катталган “Кыргыз Нетворк” бирикмесинин жетекчиси Болот Алымкулов канча кыргызстандык адис чет жакта иштеп жүргөнү ушул күнгө чейин белгисиз экенин, алар тууралуу маалыматты жалпы базага топтоо керек экенин айтты.

“Анткени азыр Кыргызстандан акылдуу адамдар чыгып кетип жатат. Аларды кайтарып келе албасак да, статистикалык базасын түзүп, контакттарын таап, ал база аркылуу бул адистер менен тыгыз байланышта болсок, алардын тажрыйбасы, билими Кыргызстандын өнүгүшүнө салымын кошо алат. Ошол эле учурда алар чет өлкөдө бири-бири менен байланышта болуп, чогуу иш алып барышса болот”, - деди Алымкулов.

Ал “Кыргыз Нетворк” бирикмеси бул демилгени көтөргөнү менен аны ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү чектелүү экенин, бул демилгени Кыргызстандын чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрү да колго алышы зарылдыгын кошумчалады.

Мамлекет менен байланышты күчөтүү чакырыгы

Чехиядагы кыргыз диаспорасынын лидерлеринин бири Саадаткан Даминова мигранттардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн Кыргызстандагы миграция тармагын тейлеген мамлекеттик мекемелер менен байланышты күчөтүү зарылдыгын айтты.

“Жумушка орноштуруу борбору милдеттүү түрдө чет жакта жүргөн диаспоралардын жетекчилери менен онлайн кеңешмелерди өткөрүшү керек. Анда биз алардын көйгөйлөрүн чечүүнүн, алданып калбоонун жолдорун айтып беребиз. Мындан тышкары Кыргызстанда Мекендештер кеңеши бар. Алардын мүчөлөрүн дыкат тандап алуу керек. Юридикалык маалыматы көп адамдар кириши зарыл. Себеби ошол кеңеш миграция маселелерин чече алат. Биз “Чөйрө” менен биригип, Мекендештер кеңеши кайра уюштурулушу керек экенин жазышыбыз зарыл”, - деди Даминова.

Ал Европадагы кыргыз мигранттары көп иштеген Литва, Словакия жана Чехия сыяктуу өлкөлөрдүн миграциялык мыйзамдарын жана чектөөлөрүн түшүндүргөн онлайн ресурс болушу керек экенин кошумчалады.

Балдарга кыргыз тилин үйрөтүү түйшүгү

“Чөйрө-2022” форумунун жүрүшүндө чет жакта жүргөн кыргызстандыктардын балдарына кыргыз тилин үйрөтүү маселеси байма-бай көтөрүлдү.

14 жылдан бери Швейцариянын Люцерн шаарында жашаган социалдык педагог, Kyrgyz Bridge Global уюмунун мүчөсү Айнагүл Мамырбаева “Чөйрө” платформасынын алкагында кыргыз тилин үйрөтүүчү “Тил бил!” аттуу веб-сайт ачуу аракети жүрүп жатканын айтты.

“Кечээтен бери балдар кыргыз тилин билбей калганы тууралуу маселе көтөрүлүп, талкууланып жатат. Кыргыз тилин үйрөтүүгө багытталган “Тил бил!” деген сайт жаңыдан түптөлүп жатат. Бул жакка келген башка улуттардын балдары эне тилин жакшы билбей калып жатат. Бир мисал келтирейин. Биз жашаган жерде Эритреядан келгендер алар балдарына өз тилин үйрөтүү боюнча кадимкидей сабактарды беришет. Алардын балдары аягында тил билгендигин көрсөткөн аттестаттарды алып чыгат. Бул ата-энелерге чоң мотивация, түрткү болуп бермек. “Балам жөн эле кыргыз тили курсуна катышпай, кыргыз мамлекетинин аттестатын алып чыгат” деген мотивация болот. Азыр интернеттин мүмкүнчүлүктөрү бизге ушундай шарт түзүп берип жатат. Онлайн сабактарды өтө алабыз. Буюрса биздин веб-сайтыбыз ачылып калса, көп өлкөлөрдү камтый алабыз. Кыргызстандын Билим берүү министрлиги менен чогуу иштей алсак, ушул деңгээлге көтөрө алмакпыз”, - деди Мамырбаева.

Демилгелер ишке ашабы?

Люцерндеги "Чөйрө-2022" форумуна Германия, Швейцария, Австрия, Франция, Чехия жана Түркия сыяктуу бир катар өлкөлөрдө жашап иштеген ондогон кыргызстандыктар, IT көчмөндөр, кыргыз диаспораларынын лидерлери катышты.

Бул форумдун уюштуруучуларынын бири жана "Чөйрө" платформасынын негиздөөчүсү Азамат Токтакунов форумда көтөрүлгөн демилгелердин бир бөлүгүн жүзөгө ашыруу боюнча план иштелип чыгарын айтты.

Ал "Чөйрө" Кыргызстандагы же чет жактагы кыргыз диаспораларына байланыштуу маселелерди чечкиси келген жаратмандардын жана ыктыярчылардын платформасы экенин, бул платформа жаңы идеяларга ачык экенин белгиледи.

“IT тармагынын жардамы менен Кыргызстанда түрдүү долбоорлорду ишке ашырсак болот”, - деп билдирди Токтакунов.

“Чөйрө” форуму “Санариптик кылымдын чакырыктары – Кыргызстандын өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүк” деген аталыш менен өттү. Эки күндүк иш-чаранын алкагында катышуучулар бири-бири менен тажрыйбасын бөлүшүп, мекендештердин Кыргызстандын ар кыл тармактарына салым кошуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Люцерндеги иш-чара Европадагы Kyrgyz Bridge Global жана BIZ сыяктуу кыргызстандыктардын коомдук уюмдарынын жана Эл аралык миграция уюмунун колдоосу менен уюштурулду.



Кубат Касымбеков 
https://www.azattyk.org/