"Илимдеги кыздар" долбоорунун алкагында "Көндүмдөр чемпионаты" өттү

April 22, 2022, 11:09
2022-ж 20-апрелинде Ош Мамлекеттик Университетинин чоң залында “Илимдеги кыздар” долбоорунун катышуучусу болгон Ош шаарынын жана Кара-Суу районунун мектептеринин окуучу кыздары арасында “Көндүмдөр чемпионаты” болуп өттү.

Мелдештин максаттары:ментилерди системалуу жана критикалуу ой-жүгүртүүсүнө өнүктүрүүгө багыттоо,ментилердин компьютердик сабаттуулугун жогорулатууга багыттоо;ментилердин өз алдынча өнүгүүсүнө дем берүү.

Иш-чарага Ош шаарынан 16 мектеп жана Кара-Суу районунан 4 мектептин окуучу кыздары катышышты. “Көндүмдөр чемпионатына” “Илимдеги кыздар” долбоорунун координатору Роза Кайыкова онлайн катышып, мелдештин катышуучуларына ийгилик каалап, уюштуруучу топко ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле иш-чарага ОшМунун проректору Жылдыз Артыкова, Ош шаардык мэриясынын, Ош шаардык жана Кара-Суу райондук билим берүү башкармалыктарынын өкүлдөрү катышышты.

Мелдештер төрт багытта уюштурулган: текст терүү, пазл чогултуу, кубик-рубик чогултуу жана сөз жасоо.

“Көндүмдөр чемпионатынын” катышуучулары клавиатура менен иштөө, сабаттуу жазуу, текстти редактирлөө көндүмдөрүн текшерүүгө арналат. Бул мелдеште катышуучулар берилген тексти компьютерге түшүрүүсү керек. Тексти туура жана кыска убакытта компьютерге түшүргөн катышуучу жеңүүчү деп табылат. Мелдештин жүрүшүндө бирдей көрсөткүчкө ээ болгон катышуучуларга 2-тур уюштурулат. Уюштуруу комитети ар бир катышуучуну интернетке туташтырылган компьютер менен камсыздайт.

Пазл чогултуу: Мелдештин бул түрү эске тутуу, системалуу жана ылдам ой-жүгүртүү, бат чечимдерди кабыл алуу көндүмдөрүн текшерүү үчүн уюштурулат. Жалпы катышуучуларга чогултулуучу сүрөт 10 секунда көрсөтүлөт. Катышуучулар компьютерде бөлүкчөлөргө чачылган сүрөттү чогултушат. Сүрөттү туура жана кыска убакытта биринчи топтогон катышуучу жеңүүчү деп табылат. Мелдештин жүрүшүндө бирдей көрсөткүчкө ээ болгон катышуучуларга 2-тур уюштурулат.Уюштуруу комитети ар бир катышуучуну интернетке туташтырылган компьютер менен камсыздайт.

Кубик-рубик чогултуу: Катышуучуларга бирдей учурда кубиктер берилет. Калыстар убакытты жана кубиктин бирдей чачылып берилишин көзөмөлдөйт. Кыска убакыт ичинде кубикти топтоштурган катышуучу жеңүүчү деп табылат. Катышуучулар өзүлөрүнүн кубиги менен мелдешке катышса да болот. Ар бир катышуучуну кубик менен уюштуруу комитети камсыздайт.

Сөз жасоо: Уюштуруучулар тарабынан белгилүү бир тамгалар берилет. Катышуучулар ошол тамгаларды гана колдонуп маани берүүчү сөздөрдү жасайт. Кыргыз тилинде да жана орус тилинде да сөз жасоого жол берилет. Эң көп сандагы сөз жасаган катышуучу жеңүүчү деп табылат. Бирдей жыйынтык берген катышуучуларга гана кийинки тур уюштурулуп, жеңүүчү аныкталат.