Ырыс Апышева

February 25, 2021, 14:50
“Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду миграцияга кабылган кыз-келиндердин позитивдүү ролун жана жамааттарды өнүктүрүүгө жана тынчтыкты жаратууга салымын мыкты чагылдыруу максатында  журналисттер арасында  жарыялаган жалпы республикалык Сынакка катышкан  блогер Аильчинова Бегимай материалы.


Сынак БУУнун Тынчтыкты куруу фондунун каржылык колдоосу менен  Миграция боюнча эл аралык уюм, БУУ-Аялдар түзүмү жана Эл аралык эмгек уюму  менен биргеликте ишке ашырылып жаткан «Коомдун инклюзивдик жана тынч өнүгүшү үчүн миграцияга кабылган кыз-келиндердин укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоорунун алкагында өткөрүлдү. 


Вот и этот день настал! Наконец, могу показать вам то, над чем я работала. Все эти недели я брала интервью у замечательных девушек, которые на данный момент работают за рубежом.

Главная цель - это показать то, как девушки-мигрантки у нас вносят свой значительный вклад в развитие своих семей, регионов и даже страны. Будет серия-постов на эту тему, в каждой истории вы найдёте порцию мотивации от таких сильных девушек, которые несмотря на то, что находятся в другой стране, помогают всячески своей родине Кыргызстану.


Мен кичинекей чагымда эле көзкарандысыз жана тың болчумун. Мен алдыга чыгып кетериме ата-энем эч качан шектенчи эмес. Алар мага тынчсызданбайт-алар күчтүү кызды өстүрүштү.
Мен эрте иштеп баштаганынмдан баштайлы. Бишкекте мен иштебеген жер калган жок:унаа жуучу жайда,идиш жуугам, официантка дагы болуп иштегем. Же оку же иште деген күндөр болгон-мына ошондой кыйынчылыктар болчу.

Менин курбум Дубайда иштечү, мага дагы дайыма бул жака келишиң керек дечү.Бул жерден тааныштар аркылуу бат эле жумуш таап алдым, себеби англис жана түрк тилдерин жакшы билчүм.Отелде сатуулар боюнча менеджердин ассистенти катары иштеп баштадым. Бул жерде айымдарга абдан сый мамиле жасашат. Кайсы жакта болбогун ар дайыма эркектер жол бошотуп, эшикти ачып берет. Мамлекеттин коопсуздугунун деңгээлин белгилеп кетким келет. Мисалы, бул жерге өзүмдүн сиңдимди алып келүүдөн коркпок эмесмин. Айымдар үчүн иштөө шарты эң жакшы. Мен акыркы жолу люкс бренддерди сатууда иштегем.

Эгер чет тил билбесең, жергиликтуу иш тажрыйбаң болбосо Дубайда жумуш табуу өтө кыйын. Ошондой эле жергиликтүү климатка көнүү абадан кыйын: мен дагы өтө ысык, июль айында келип алгам (50-60 градус). Биздин кыздарда адаптация жеңилирээк өтөт. Балдар жөнүндө андайды айта албайм. «Бөтөн жереге өзүңдүн эрежелериң менен барбайт» деген сөз барго. Биздин балдар көбүнчө кыялы менен болушат. Баарын кылганга болот деп ойлошот. Сакташ керек болгон эрежелер бар.

Дубайга келип жумуш тапкан баардык адамдарга карьералык өсүшкө көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар, эмне кааласаң-баардыгы.Ошондуктан жумушка орношткондон кийин эч кандай мыйзам бузуулар болбош керек. Мүмкүнчүлүктөрдү, айлык маянаны жоготушуң же болбосо департ кылып салышы мүмкүн.

Кыргыз кайсы мамлекетте болбосун (Россияда, Турция, Дубай) Western Union баарын билет. Сенин туугандарындын ААА, ошондой эле кимге акча жөнөтүп жатканың тууралуу ар бир мамлекетте аккаунтуң бар. Биздикилер баары ошондой. Ата эне, туугандарга жардам берүү жакшы.

Менин үй-бүлөм статистика боюнча орто жашаган калкка кирет. Мен аларга ар кандай жагдайларга акча жөнөтүп турам. Кышында үйдө суук мүмкүн болгондугуна байланыштуу, мисалы жылуулук системасына акча салып турам. Алдын ала биле албаган чыгымдар жөнүндө айта кетиш керек: биздин менталитетте бирөө төрөлсө, үйлөнсө, чүчкүрсө дагы барып куттукташ керек-бардык жакта чыгымдар. Бул дагы каада-салт. Бирок сен өзүңдүн каалоолоруңду четке кагып, айлык маянаңдан жөнөтүп жатпайсынбы.

Мен сиңдим үчүн да жоопкерчилик алдым, батирге, окуусуна контракт төлөдүм. Менин ата энем Таласта жашачу, мен үчүн биз менен Бишкекте жашоосу маанилүү эле. Ошондуктан жер сатып алып, акырындан үй салып бүтүрө берейин деп чечтим. Мен билчүм: Кыргызстанда менин өзүмдүн жерим болот. 20 жашта жер сатып алуу-бул күчтүү. Ошондо көбүндө суроо (кайра эле мурдагы стереотип) «Кызым, сага үйдүн эмне кереги бар, сен күйөөңдүн үйүндө жашайсың да?».

Бирок аял өзүнүн үйү болушуна акысы жокпу? Бизде кандай, кыз окуйбу окубайбы-маанилүү эмес, кандай адамга, маанилүү эмес, эң башкысы күйөө тийип, кандай жагдайда дагы маанилүү эмес, башкысы бала төрөшү зарыл-мына бул жетишкендик. Бирок, ар кимдин кыялы ар кандай да.

Баардыгын өзүнө жүктөө:иштеп, жакындарга жардам берүү-бул бир. Бирок биз да бактылуу болушубуз керектигин унутпашыбыз керек. Биз өзүнө баарын жүктөп алган ат эмеспиз. Биздин айымдар көп учурда өзүлөрүн курмандыка чалышат. Күйөө, балдар, жакындарың үчүн-бул маанилүү албетте. Бирок айым, жеке инсан катары өнүгүш керек. Жыйынтыгында, сенин индандык баалуулуктарың: өзүңдүн жеке оюң, каалоолоруң жана кыялдарың-буга дагы орун болушуна милдет. Биздин мамлекетте адамдардын өсүшүнө маани берсе абдан жакшы болмок. Бул жерде 2 гана вариант бар: же өнүгүүгө жолтоо болбо, же жардам бер. Мисалы, кыйынчылыктардан мекендештер мамлекеттен качып кетпөөсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү. Биздин муун чоң нерсеге умтулаганы мени сүйүндүрөт. Биз өнүгүүгө ачыкпыз.