Ички миграция: Басмакана ачкан элеттик мугалим

March 4, 2021, 13:50

“Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду миграцияга кабылган кыз-келиндердин позитивдүү ролун жана жамааттарды өнүктүрүүгө жана тынчтыкты жаратууга салымын мыкты чагылдыруу максатында  журналисттер арасында  жарыялаган жалпы республикалык Сынакка катышкан Алыбаева Гульнара материалы.


Сынак БУУнун Тынчтыкты куруу фондунун каржылык колдоосу менен  Миграция боюнча эл аралык уюм, БУУ-Аялдар түзүмү жана Эл аралык эмгек уюму  менен биргеликте ишке ашырылып жаткан «Коомдун инклюзивдик жана тынч өнүгүшү үчүн миграцияга кабылган кыз-келиндердин укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоорунун алкагында өткөрүлдү. 


Советтер Союзу кыйраган соң, жумушсуздук күч алгандыктан бир топ жарандар айылдан шаарга, шаардан чет өлкөлөргө агылды. Өзгөчө айлыгы аз мугалим менен дарыгерлер Кыргызстанда калганы калып, калбаганы чет мамлекеттерге кетип калышты. Тээ 1993-жылы ак мөңгүлүү, аска зоолуу Ат-Башы районунун Терек-Суу айылындагы А.Чортеков атындагы мектептин физика мугалими борбор калаага келип, кеңсе буюмдарды сатып, бакыйган бизнес айымга айланган Бактыгүл Иманалиева жөнүндө кеп кылууну туура көрдүк.

ИЧКИ МИГРАЦИЯ: БАСМАКАНА АЧКАН ЭЛЕТТИК МУГАЛИМ

 Мекенчил айым

Бактыгүл Иманалиева базарга чыгып, соода кылам деп үч уктаса түшүнө да кирген эмес. Анын тукумунда соодагер кылган деле киши болбоптур. 1991-жылы 26-декабрда Советтер Союзу түп тамыры менен ойрон болгондо, көп киши алапайын таппай калган. Анткени жумуш ордулары кыскарып, мугалимдердин сааттары азайып, кыскасы, мектеп мугалимдери 1000 рублдун ордуна беш рубль алып калган мезгил болгон. Ошол учурда Бактыгүл Бишкек шаарына келип, иштөөнү чечет. Жумуштан кыскарып калган анын тааныштары, туугандары мезгилдин талабына ылайык базарга соодага чыгып, айрымдары менчик ишканаларды ачып иштей баштаганын угуп, борбор калаадан жумуш табылаарына көзү жетет. Бактыгүл элчилеп чет өлкөлөргө чыгып кетпеди, мекенчилдик сезими аны Бишкектен алыс кетирген жок.

 Соодага биринчи кадам

Шаарды көздөгөн элдин агымы менен Бактыгүл дагы  бир жашка чыккан баласын көтөрүп алып, жолдошу Качыбектин макулдугу  менен шаарга келет. Базар экономикасында элеттик мугалим  өзүн аз убакыт болсо да  сынап көргүсү келет.

Бактыгүлдүн жашоодогу принциби — кандай учур болсо дагы жеңишке жетүү.

Кичинекей чүрпөсүн эжесине таштап, жумуш караштыра баштайт. Жакын жолдошторунун сунушу менен  «Детский мир»  (азыркы БУУнун имараты) дүкөнүнүн алдында уюштурулган бир айлык мектеп жарманкесинде иштейт. Ошол бир айлык кыска мөөнөттүк соода иши Бактыгүлдү бизнес жолуна жетеледи.

Бактыгүл баягы чоң дүкөндүн болгон товарын сатып берүүгө киришет. Кечке чейин иштеп, бир тыйынына чейин дүкөндүн ээсине санап берип турат. Ошентип акырындык менен сооданын даамын татып, ишкерлик жөндөмү өнүгө баштаганын көргөн кадрлар бөлүмүнүн башчысы Нуржамал аттуу аял ага коммерциянын жолдорун көрсөтө баштайт. Анын көрсөткөн багыты боюнча Бактыгүл керектүү товарларга буйрутма берип жүрүп, жолдошу экөөнүн иши өргө жылат. Анан дагы ошол кезде колхоздун ак койлорун элге үлүш катары таратканда Бактыгүлдүн үй-бүлөсүнө жүз соолук берилет. Катаалдыктын айынан, тоюттун жоктугунан  баягы жүз койду сатып, 8000 сом кылышат. Элдин баары жанданып, тиричилик менен алпурушуп, колунан келгендер мамлекеттин мүлкүн болбогон каражатка сатып алып, менчиктештире башташат. Ошол кезде Балыкчы шаарынан дагы бирөө келип, анын менчиктештирип алган складында Прибалтикадан келген кеңсе буюмдар бар экенин айтат. Бактыгүл көп ойлонбостон эле баягы 8000 сомго болгон товарын сатып алат.

Албетте, турмуштун  ысык-суугу, өйдө-ылдыйы соода жолунда көп адамды элекке салды. Өзбекстан менен  Казакстандан мектеп кеңсе буюмдарын жолдошу ташып келсе, Бактыгүл сатып турду.  Жубайлардын алдында эки ача жол турду: биринчиси – кайрадан айылга кайтуу,  же шаарда калып, ишкана ачуу эле. Ынтымактуу үй-бүлө экинчи жолду тандап, борбор калаада ишкана ачууну пландашат.

Алгачкы ишкана

Алгач өздөрү турган үйдүн бир бурчуна тобокелге салып ишкана ачышты. Ошол эле учурда “Кыргыз полиграфкомбинаты” , “Эркин-Тоо”, “Учкун” басмаканаларына бир топко чейин буйрутма берүү иштери менен алектенип жүрүштү.

Ошентип биринчи ИП, анан ЧП, кийин ОсОО «Чеч-Дөбө» басмаканасын ачканга жетишет.

Ишкер айымга буйрутмалар көп түшөт. Окуучуларга, студенттерге керектүү баардык кеңсе буюмдарын, окуу китептерин чыгара баштайт. Шаардан үй алганга жетишет. Ошентип айылдык турмушту унутуп, мугалимдик кесибине кайрылбай, жалаң гана ишкерлик менен алектенип калат.

 «Ежедневниктин дизайнын жасатып алып, полиграфия мекемесине барсам, жетекчиси аны ашыкча жасатып туруп, саткан күндөрү болду. Ириде «ИП Иманалиева» деп баштадым. Тапкан кирешебиз 800000 сомго жеткенде ЧП ачууга туура келди. Андан соң, ОсОО ачтым», — дейт Бактыгүл Иманалиева.

 Жакшы адамдардын жарыгы

“Кыргыз полиграфкомбинатынын” ошол кездеги  жетекчиси  мекеменин орчундуу басма аппараттары күрөөгө алынып калганын айтып, аны чыгарып алууну сунуштайт. Көп күтүп отурбастан, Бактыгүл банктан 32000 доллар насыя алып, баягы аппараттардын башын бошотуп алып,  ишкерликти ошол эле ишкананын ичинде улантат. Кийин ал комбинаттын имараты менчикке чыгып кеткен учурда, ишкер айым баягы насыяга алган аппараттарды чыгарып кеткенге үлгүрбөй калат.  Себеби ал комбинат белдүү чиновниктин баласына тийиштүү болуп калат. Кийин 2010-жылкы төңкөрүштөн кийин баягы комбинаттын мурунку жетекчиси чуркап жүрүп, кайрадан Бактыгүлгө насыяга алган аппараттарды чыгарып берет. Анткени алардын эмгектерин орусу да, кыргызы да көрүп турушкан.

 «Жакшы адамдар көп экенин ошондо билдим. Биздин мээнетибиз текке кеткен жок. Баягылар колубуздан жулуп кетсе деле, насыяны төлөп атканбыз. Бирок алардын иштерин ит капты. Азыр алар башка мамлекетте башпаанек кылып жүрүшөт», — дейт ишкер айым.

ИЧКИ МИГРАЦИЯ: БАСМАКАНА АЧКАН ЭЛЕТТИК МУГАЛИМ


Коррупция

Бактыгүл жыл сайын ЮСАИД, ЮНИСЕФге долбоорлорду жазып, баардык керектүү документтерин өткөрүп келет. Бирок жыйынтыгы жок болуп чыгат.  Анткени Кыргызстанга келген гранттар чиновниктерден ашпаганы турулуу  иш экенин өкүнүү менен айтты.

«Ишкерликтин агымына киргеним менен бир топ чиновниктер тарабынан бут тосуулар болду. Окуу китептерин чыгарганга тендердин жыйынтыгы менен бир-эки эле басмакана кирет. Баары коррупциялашкан. Эмки бийликке үмүтүм чоң. Ыраматылык Мухтар Өмүракунов сырттан товар ташыганда бир топ жардам берди. Мындай колдоону туура пайдаланып, ошол мезгилде тигүү цехин да ачкам. Учурда “Чечөбө” басмаканасы менен ОсОО “Байанаста” ишкерлик менен алектенип жүрөм.  Чет элден келген гранттарды күтүп же мамлекет качан колдоо берет деп  отурбай, жолдошум Качыбек айылдагы фермерлигин жана айыл чарба жумуштарын көздөөгө өткөнМухтар өңдүү мекенчил азаматтар көп болгондо, миграция толкуну азаймак. Өз мамлекетибиздин бюджетин толтурмакпыз», — дейт Б.Иманалиева.

 Мамлекетке кошкон салым

Сезондуу иштерде мамлекетке 25-30 миңден салык төлөйт. Мындан сырткары бир топ кыз-келиндерди жумуш орду менен камсыздаган. Көп үй-бүлө үйүндө отуруп эле, басмакананын буйрутмасын аткарышат. Маселен, бир үй-бүлөгө 10000 кагаздан даярдалган кооз баштыкчаларды үйүнө алып барып беришет. Жумушчулардын айрымдары бир жуманын ичинде сатыкка даярдап келип, эмгек акысын алышат.

«Мекендештер сырт жакка чыкпай эле өз мамлекетибизде иштесе болот. Эгерде алган насыяга Казакстандай эки-үч жыл каникул бергендей болсо. Кошуна мамлекет ишкерлерди колдоп, грант да беришет. Биздин өлкөдө, тилекке каршы, ушул процесстер болбой жатпайбы», — дейт  Бактыгүл. 

 Жумушчулар сезондо 20000 сом алышат

Жакында эле басмаканага  ыкчам бүткөрүү үчүн  буйрутма түшөт. Үлгүрүп, аны аткарыш үчүн жумушчулар керек деп жарыя беришсе, үч күндүн ичинде эле жүздөн ашык телефон чалуу болуптур.

Сезон учурунда гана иштегендер 20000 сомдон айлык алышат. Бирок жумуш издеп келгендерге иштегенге  жараша айлык чыгат дешсе эле кайрылып кетип калышат экен.

 Кыргыз кыз-келиндер сыртка чыгып малай болушкан эмес

«Кыргыз аялдары чет жакка чыгып, жалданып иштеген боюнча бир да китептен окуган эмесмин. Эркектер Чүй каналын курууда айылдан келип, жардам беришкени бар. Менин чоң атам эл топтоп келип, каналды казышкан. Бирок алар деле башка мамлекетке барып, жалданып  иштешкен эмес. СССР учурундагы тартип, элдин жашоосу жакшы эле. Согуш болбосо экен деп энелерибиз тиленчү.  СССР жоголгондон кийин ачкачылыкты көрдүк, ун жетпей жатты. Биз борборго келгенде эми кандай заман болот деп көп ойлончумун. Мурдагы энелер тынч жашашкан.  Мамлекет мигранттарды эч жакка чыгартпай эле иш менен камсыз кылышса, кандай өсүш болмок. Ошолордун күчүн, акылын пайдаланыш керек эле. Өлкөбүзгө салым кошом деген ишкерлерге ыплас чиновниктер кол салышат. Кыскасы, кайда барба Мамайдын көрү».

 Айылга жардам

Жакынкы жылдары өзү туулуп өскөн Терек-Суу айылына жолдошу экөө 1,5 миллион сомго ветеринардык клиника ачып, аны айыл өкмөтүнө өткөрүп беришти.  Ветеринардык клиниканын  артында короо-жайы бар, ички керектүү жабдыктары менен камсыз кылынган. Ишкерлер үчүн отчет болгону менен, айылдыктарга асмандан тилегендери жерден табылды. Болгону малдын канын текшерчү чакан лабораториясы жок. Бактыгүл эми долбоор жазып, аны да камсыздап берсем деген тилеги бар.

 Мыйзамсыз иштерге жол жок

Бактыгүл басмаканасынан чыккан товарларды Жунхай базарынан соодалайт. Мугалим болгондуктанбы, айтор, Бактыгүл «Дордой» АКнын жетекчилерине кайрылып, жөнөкөй карапайым кыргыздар менен кошо кытай ишкерлери  ижарага 3000 сом төлөөрүн айтып, мындай теңештирүү болбоорун билдирет. Кытай ишкерлер 3000 сом эмес, 30000 сом төлөсүн деп маселени кабыргасынан коет. Ошондо базар жетекчилери  Бактыгүлдүн сунушун эп көрүп, алардын арендасын 27000 сомго көтөрүшкөн экен. Базар ичиндеги көп мыйзамсыз иштерге ал жол бербей да, моюн бербей да келатат. Өз укугун билген мугалим-ишкер айым дайыма жамаат ичинде кадыр-барктуу.


Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”