STEM’деги 100 ийгиликтүү айым «Илимдеги кыздар» долбооруна катышкан кыздар үчүн насаатчы болуп калат

February 20, 2021, 11:42



ПРЕСС-РЕЛИЗ

STEM’деги 100 ийгиликтүү айым «Илимдеги кыздар» долбооруна катышкан кыздар үчүн насаатчы болуп калат



2021-жылдын 19-20-февралда Ош шаарындагы «Ош нуру» мейманканасында «Илимдеги кыздар» долбоорунун насаатчылары менен танышуу жолугушуусу  өтүүдө.

 

Иш-чарага Ош шаардык БББ башкармалыгынын усулчусу Жамиля  Токталиева, ЮНИСЕФтин «Илимдеги кыздар» долбоорунун программалык координатору Нора  Суюналиева. СТЕМ билим берүү боюнча долбоордун эксперти,КМТУнун алдындагы Кыргыз-Герман институтунун директору, профессор Усупкожоева Анипа,“Илимдеги кыздар” долбоорунун координатору, “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун директорунун орун басары Роза Кайыкова, Долбоордун эксперти Гулжамал Султаналиева,долбоордун ассистенти Альбина Осмоналиева жана долбоордун “Устат-шакирт” программасына тандалып алынган STEM-багытында ийгиликке жетишкен айымдар катышууда.

 

Насаатчылык программасынын максаты: кыздарды STEM-билим берүүгө жана патриоттук тарбиялоого тартууга багытталган билим берүүнүн натыйжалуу системасын түзүү.

 

«Илимдеги кыздар» долбоорун ишке ашыруунун (2021-2022-жылдар) алкагында 200 насаатчы жана Бишкек шаарынын, Чүй олбастынын Аламүдүн, Сокулук райондорунун, Ош шаарынын жана Ош областынын Кара-Суу районунун пилоттук мектептеринин 2600 окуучу кызы тандалат. Ментордук курстар үч этап менен уюштурулат, мында 5 ай бою насаатчылар өздөрүнүн шакирттерин коштойт. 2021-жылдын мартынан тартып ментордук курстардын биринчи этабы ишке тартылган бизнес-ассоциациялардын 100 ментору жана STEM-кесиптериндеги айымдар менен башталат. Ар бир насаатчыга Бишкек шаарынын, Ош жана Чүй областтарынын мектептеринин STEM адистиги боюнча ЖОЖдорго тапшырууну пландаштырып жаткан 7-10-класстарынын кыздарынын тобу бекитилет.

 

STEM билим берүү жагындагы насаатчылык – бул табигый-техникалык багыттагы тармактарда кыздарды (шакирттерди, башкача айтканда, ментини) өнүктүрүүнүн өбөлгөсү. Насаатчылык курстарынан өткөн кыздар STEM’ди тандоонун артыкчылыгын аңдап-түшүнүүгө тийиш.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын долбоорунун алкагында натыйжалуу насаатчылык билимдерин жана жөндөмдөрүн өркүндөтүү үчүн «Ментор үчүн колдонмо» иштелип чыккан, ал эми алынган билимдерди кыздар ийгиликтүү пайдаланышы үчүн «Шакирттин күндөлүгү» иштелип чыккан.

 

Бардык иш-чараларды ишке ашыруунун жыйынтыктары боюнча, бери болгондо насаатчылык курсунан өткөн үч миң кыз STEM’ди тандоонун артыкчылыгын аңдап-түшүнөт жана STEM’де өз мансабын же билимин улантат деп пландаштырылып жатат.

 

Насаатчылар менен таанышуу жолугушуулары 6 күн аралыгында Бишкек шаарында жана Ош шаарында өтөт.Менторлор үчүн Ош шаарындагы насаатчылары менен жолугушуу иш-чаралардын жүрүшүндө төмөнкүдөй темалар боюнча тренингдерди өткөрүү пландаштырылган:


Нора  Суюналиева – ЮНИСЕФтин «Илимдеги кыздар» долбоорунун программалык координатору

«Илимдеги кыздар», «STEM’деги айымдар, STEM’деги кыздар», «Global gender» долбоорунун презентациясы

Каныкей СамиеваТэкайым 2020 программасынын бүтүрүүчүсү, Ош технологиялык университетинин «Бухгалтердик эсеп жана аудит» кафедрасынын доценти, КРУБдун финансылык сабаттуулук боюнча машыктыруучусу.

«Дүйнөдө жана Кыргызстанда ментордун ролу» Ментордук боюнча ийгиликтүү таржымалдар

«Кесипти тандоо, ЖОЖго тапшыруу, жекече өнүгүү»

Айнура Хамзаева«Тэкайым 2020» программасынын бүтүрүүчүсү, экономикалык илимдердин кандидаты, ОшТУнун бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасынын доценти, башчысы.

«Дүйнөдө жана Кыргызстанда ментордун ролу»