7-11-класстардын окуучуларынын арасында эссе жазуу сынагы өткөрүлөт

November 30, 2020, 13:52

“Коомчулукту инклюзивдүү жана тынчтык жолу менен өнүктүрүүдө миграцияга дуушар болгон аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” долбоорунун алкагында Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас облустарындагы 6 пилоттук айыл өкмөттөрдүн, пилоттук айылдардагы орто мектептердин 7-11-класстардын окуучуларынын арасында эссе жазуу сынагы өткөрүлөт.


Сынактын максаты: Тынчтыкты жана ынтымактыкты бекемдөөчү гендердик аспектилер, мигрант аялдардын өз мекенин, айылын, үй-бүлөөсүн өнүктүрүүдөгү ролу тууралуу жаш муундардын көз карашын чагылдырууга мүмкүнчүлүк берүү.


Сынакка катышуу үчүн окуучулар аталган долбоордун социалдык тармактарында катталып, берилген темага байланыштуу маалыматтар, роликтер менен таанышып алуудан кийин, берилген 4 теманын бирөөсүн тандап алып, эссе жазуусу зарыл.


Эссе жазуу сынагында тандоого берилген темалар:

-                 “Апам – айылдын куту”

-                  “Тынчтык өзүбүздөн башталат”

-                 “Менин кыялымдагы айылым”

-                  “Кыз кыялы”


Эссенин тематикасы: Жаш муундун миграциядагы аялдардын абалы, укуктары, гендердик аспектери, тынчтыкты жана ынтымакты орнотуудагы ролу, коомдогу позитивдүү имиджин көтөрүү максатында  өз түшүнүгүн толук ачып берүүсү.


Анда катышуучу берилген тапшырмага ылайык өзүнүн көз карашын “Кыздар, тынчтык жана коопсуздук” темасында ой толгоолорун кара сөз же ыр түрүндө социалдык абалдагы болуп жаткан тенденцияларга негиздеп жазат. Ошондой эле коомдук турмуштагы фактыларга же жеке жашоосундагы тажрыйбасына кайрылып жазышы да мүмкүн.


Конкурстун башталыш датасы 2020- жылдын 30-ноябры. 
Эсселер 2021-жылдын 10-февралына чейин кабыл алынат.

2021-жылдын 1-мартында санактын жыйынтыгын чыгаруу жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо.


Эскерте кетсек, “Коомчулукту инклюзивдүү жана тынчтык жолу менен өнүктүрүүдө миграцияга дуушар болгон аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” долбоору БУУнун Тынчтыкты куруу  фондунун колдоосу менен  Миграция боюнча эл аралык уюму (МАЭУ), БУУнун Аялдар түзүмү жана Эл аралык эмгек уюму (ЭЭУ) тарабынан “Роза Отунбаеванын демилегиси” Эл аралык коомдук фонду жана пилоттук өнөктөш Айыл өкмөттөрү менен биргеликте ишке ашырылып жатат.


Байланышуу: office@roza.kg, +996 552085161