“Мен жана тынчтык” темасындагы сүрөт тартуу боюнча сынак

November 30, 2020, 13:44

“Коомчулукту инклюзивдүү жана тынчтык жолу менен өнүктүрүүдө миграцияга дуушар болгон аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” долбоорунун алкагында Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас облустарындагы 6 пилоттук айыл өкмөттөрдүн, пилоттук айылдардагы орто мектептердин 1-6-класстардын окуучуларынын арасында “Мен жана тынчтык” темасында сүрөт тартуу сынагы өткөрүлөт.


Сынактын максаты: Балдардын чыгармачылык активдүүлүгүн өстүрүү, миграцияда жүргөн аялдардын жана кыздардын турмуштук тажрыйбасын билүү менен жалпы адамзаттык баалуулуктарды баалоо сезимин тарбиялоо.


Конкурстун башталыш датасы 2020- жылдын 30-ноябры.

Конкурска катышууга тартууланган сүрөттөрдү кабыл алуу 2020-жылдын 9-декабрына чейин болот.

Жеңүүчүүлөр интернетте добуш берүү аркылуу аныкталат. Көп добуш алган сынактын катышуучулары дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланат.


Эскерте кетсек, “Коомчулукту инклюзивдүү жана тынчтык жолу менен өнүктүрүүдө миграцияга дуушар болгон аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү”- “Мигрант аял-өнүгүү түркүгү” долбоору БУУнун Тынчтыкты куруу  фондунун колдоосу менен  Миграция боюнча эл аралык уюму (МАЭУ), БУУнун Аялдар түзүмү жана Эл аралык эмгек уюму (ЭЭУ) тарабынан “Роза Отунбаеванын демилегиси” Эл аралык коомдук фонду жана пилоттук өнөктөш Айыл өкмөттөрү менен биргеликте ишке ашырылып жатат.  


Байланышуу: office@roza.kg, +996 552085161