«Кыз китеп» - кыздардын жакын курбусу боло алат

October 19, 2020, 07:20

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду тарабынан өспүрүм кыздарга арналган “Кыз китеби” аттуу китеби жарык көрдү. Аталган китеп жаш окурмандарга өспүрүм кыздардын жеке тазалыгы, сезимдери, кийимдери,эне-кыздын ортосундагы мамиле, спорт менен машыгуусу жана башка ар тараптуу өнүгүүсү үчүн зарыл болгон баардык суроолорго жоопторду камтыды. Өспүрүм кыздарга табият берген дене түзүлүшү жана кыздын өсүп-өнүгүүсүн туура баамдоо аркылуу өзүн кабыл алууга үйрөтөт.  Бул китепти окуган кыздар кайталангыс жана өзгөчө экенин дайыма эстеп жүрүп, ден соолугуна кам көрүү, туура тамактануу негиздерин биле алышат. Ар бир тема кооз, кызыктуу сүрөттөр менен шөкөттөлдү.


“Кыз китепти” чыгаруу идеясы “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү, Кыргызстандын экс-президент Роза Отунбаевага таандык.  Китептин баш сөзүндө Роза Исаковна: “Өтө ылдам өнүккөн, жогорку технологиялардын доору болгон  21-кылымда айланабыздагы өнүккөн өлкөлөргө жетүү үчүн биз биринчи кезекте саламаттыгы чың, акыл парасаты,сынчыл ой жүгуртүү көндүмдөрү жогору, ички сезимдерин таразалай алган улан-кыздарды тарбиялашыбыз керек. “Кыз китеп” дал ушул багытта кыздарга, аларды чоңойтуп жаткан ата-энелерге, мугалимдерге багыт берүүчү булак болот деп ишенем” - деп жазган.


“Кыз китеп” 8 жаштан 18 жашка чейинки кыздарга арналган.

Автору: журналист Бактыгүл Чыныбаева

Сүрөтчү: Е. Чайковская

Китеп 1000 нускада басылып чыкты.

“Кыз китепти” фонддон сатып алуу мүмкүн. Баасы 300 сом.