Кош бол, алп акын Зайырбек!

April 30, 2020, 07:44

Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Роза Отунбаева жана ал негиздеген «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду  Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, белгилүү акын  Зайырбек Ажыматовдун  мезгилсиз дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакындарына,  калемдештерине  жана акынды сүйүп окуган  күйөрмандарынын баарына   терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Зайырбек Ажыматов элибиздин сүймөнчүк акыны эле. Анын ырларын миңдеген окурмандар күтүп, издеп, жан дилден сүйүп окушат. Акыркы чыккан “Жүрөктөгү бороон” китеби буга күбө. Зайырбек окурмандарга ырлары менен  жүрөгүн кошо сууруп  бергендей таасир калтырат эле.Анын ыр саптарынан заман көйгөйү, эл журтунун тагдыры, сүйүү, өмүр, өлүм тууралуу курч ойлору төгүлүп турчу. Айрыкча мекен, эл  темасы анын чыгармачылыгында оргуштап  турган  соолбос булактай эле:  

Өрттөй көрбө быкшытып өзөгүңдү,
Өлтүрбөгүн өзүңдү, өз элиңди.
Ата-энеңден, жарыңдан, балдарыңдан,
Артыгырак сүй журтту, Мекениңди!


З.Ажыматов   биздин Фонддун  маданий демилгелерине да катышып, тыгыз кызматташып, ырларын окуп берип, эл менен болгон  көптөгөн жолугушуулардын көркүн ачкан. 2016-жылы Фонд Зайырбектин катышуусу менен жаш акындардын “Жаш калемгер”аттуу поэзия кечесин өткөргөн эле . Кече ушундай жандуу , кызыктуу чоң аншлаг менен өткөн. Ошондой эле Зайырбектин өнөрү Нарын облусунун элине да тартууланган.  2017 - жылы М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык   музыкалык драма театрында жакын досу, калемдеши  белгилүү акын Мирлан Самыйкожо экөнүн “Ыр десте” поэзия кечеси болуп өткөн. 2018-жылы Фонд тарабынан уюштурулган  “Мекендештер” Форуму Зайырбектин мекендештердин духун көтөргөн “Падыша эл” ырын окуусу менен башталган.  Ошондой эле Зайырбек Ажыматов “Ынтымактуу конуштар” долбоорунун алкагында “Акындар ынтымакты бекемдейт” аталышындагы иш чараларда өзүнүн абдан жигердүүлүгүн көрсөтүп, эл алдында жалындаган курч  ырларын окуп берген эле.  Фонд тарабынан даярдалган “Кор кылба, элим кызыңды” ролигине да элибизге таанымал, көрүнүктүү инсандар менен бирге катышып,  кыз балага аздек мамиле кылууга  жумурай журтту чакырган:

“Көчөт кыздын кирдебесин көңүлү,

Күлкү шаңга толуп турсун өмүрү

Кыздар өссө күчтүү, эрктүү, билимдүү

Кыргызстандын келечеги кеңири....”

Ал журналист катары да Фонддун маданий иш чараларын “Азаттык” үналгысына үзбөй чагылдырып турду.

Зайырбектин тоо жаңырткан канаттуу ырлары, жылдыздуу элеси элибиздин эсинде түбөлүккө калат, биз сени  унутпайбыз, жүрөгүбүздөсүн, жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун!