Роза Отунбаева: «Жон Кеннединин китеби кыргыз саясатчылары үчүн алиппе болушу мүмкүн»

February 3, 2020, 06:00

30-январь күнү КРнын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында, Кыргызстандагы АКШ элчилигинин “Өмүрү өрнөк инсандар” катар китептерди которуу программасынын алкагында “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондусуну тарабынан чыгарылган АКШнын 35-президенти Жон Фицжералд Кеннединин “Каармандык өрнөктөрү” аттуу китебинин көрсөтмөсү болуп өттү.

 

Китептин көрсөтмөсүнө экс-президент Роза Отунбаева катышып, “Каармандык өрнөктөрү” китеби Кыргызстандын саясатчыларынын алиппеси болушу мүмкүн экенин айтты. 


“Биз жөнөкөй заманда жашап жаткан жокпуз. Биз тарыхты өзүбүз жасап жатабыз. Ошон үчүн мыкты саясатчы болуш үчүн Кеннеди сыяктуу дүйнөлүк деңгээлдеги саясатчылардан билим алыш керек. Кеннеди АКШнын эң мыкты президенттеринин бири. Бул китеп биздин ар бир саясатчы үчүн алиппе катары. Аталган китепти саясатчылар, ошондой эле саясатчы болом дегендер окуса болот” – деп билдирди Роза Отунбаева. 


“АКШнын тарыхында кулчулук эң бир көйгөйлүү маселе болгон. Китепте жазылган 8 сенатор кулчулукка каршы чыгышкан. Бул китеп АКШнын азыркы абалына жетиш үчүн өлкө кандай кыйынчылыктарды басып өткөндүгүн баяндайт” – деп кошумчалады экс-президент.

 

Булак: «KyrgyzToday»