Аудиокитеп "Үч жаштан кийин кеч" 1-бөлүк

April 14, 2021, 22:53

Китептин автору - «Sony» компаниясынын негиздөөчүсүн бири Масару Ибука. Китептин автору бала менен алгачкы күндөн тартып өтө дыкат алектене баштоо абдан зарыл экендигин белгилейт. Кенже курактагы балдар эмнени болбосун абдан жеңил үйрөнө аларын турмуштук мисалдардын негизинде, жалпак тил менен айтып берет. Балдардын толук кандуу өнүгүшүндө, бактылуу жана ийгиликтүү болушунда ата-эненин жана курчап турган чөйрөнүн чечүүчү мааниге ээ экендигине басым жасайт. Китеп балдар үчүн мыкты мүмкүнчүлүктөрдүн ачылышына жана алардын ар тараптуу өнүгүшүнө кам көргөн бардык ата-энелерге арналат. Баланы тарбиялоо боюнча дүйнөгө белгилүү болгон «Үч жаштан кийин кеч» китеби, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан дярдалып, кыргыз тилине которулган. Кыргыз тилине которгон Асылбек Жоодонбеков, окуган Асылбек Өзүбеков.