Ак гүлдөр
November 22, 2025, 22:41Илимий изилдөөлөргө ылайык, балдар менен бирге ырдоо алардын өнүгүүсүнө эбегейсиз чоң таасир тийгизет. “Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФ Миндеру фондунун колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Бешке чейин үлгүр» долбоорунун алкагында балдар менен ата-энелер бирге ырдай ала турган ырларды жогорку сапатта жаздырылды. Ырларды белгилүү аткаруучулар Гулзат Байзакова жана Ишен Календаровдун неберелери Арууке, Искендер, Адеми аткарып, алардын чыгармачылыктагы тушоосу кесилди. «Бешке чейин үлгүр» долбоорунун алкагында ата-энелер үчүн балдарды кенже курактан өнүктүрүү тууралуу илимий далилденген маалыматтар кыргыз тилине которулуп «5 кадам» китеби жарыкка чыкты жана ата-энелер үчүн кеңештер 5 kadam_ инстаграм баракчасына видео форматында сунушталды. Ак гүлдөр Сөзү И.Исаковдуку Обону Т.Казаковдуку Аткаруучулар: Айсаана Оморова Камбар уулу Искендер Камбар кызы Адеми Камбар кызы Арууке Кичине эмесмин Гүлзарга теңештим Гүл багы ар түркүн Гүл менен тең өстүм Ак гүлдөр, көк гүлдөр Асырап көп күндөр Карачы татына Кааласаң көркүн көр Суу куям маалында Сындырбайм шагын да Апакем сүйүнөт Ал болсо жанымда