Беш ыргай

November 22, 2025, 22:38

Илимий изилдөөлөргө ылайык, балдар менен бирге ырдоо алардын өнүгүүсүнө эбегейсиз чоң таасир тийгизет. “Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФ Миндеру фондунун колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Бешке чейин үлгүр» долбоорунун алкагында балдар менен ата-энелер бирге ырдай ала турган ырларды жогорку сапатта жаздырылды. Ырларды белгилүү аткаруучулар Гулзат Байзакова жана Ишен Календаровдун неберелери Арууке, Искендер, Адеми аткарып, алардын чыгармачылыктагы тушоосу кесилди. «Бешке чейин үлгүр» долбоорунун алкагында ата-энелер үчүн балдарды кенже курактан өнүктүрүү тууралуу илимий далилденген маалыматтар кыргыз тилине которулуп «5 кадам» китеби жарыкка чыкты жана ата-энелер үчүн кеңештер 5 kadam_ инстаграм баракчасына видео форматында сунушталды. Беш ыргай Сөзү Элдики Обону А.Темировдуку Аткаруучулар Эмил Ишен Камбар уулу Искендер Камбар кызы Адеми Камбар кызы Арууке Белестеги беш ыргай Беш ыргайды мен кыйбай Бет-бетинен карасам Беш түлөгөн кыргыйдай Адырдагы алты ыргай Алты ыргайды мен кыйбай Алды-алдынан карасам Алты түлөк кыргыйдай Кызыл көлдүн боюнда Кызыл ала өрдөгүм Кыз экенде кошулган Кыйма көкүл мөлмөлүм Жашыл көлдүн боюнда Жашыл ала өрдөгүм Жаш экенде кошулган Жайма көкүл мөлмөлүм