АтаМЕНенен долбоорунун жыйынтыгы чыгарылды

June 12, 2024, 08:19

2024-жылдын 7-июнунда Нарын шаарында Салымбеков Университетинин Билим жана Инновация борборунда балдардын тарбиясында аталардын катышуусун жогорулатууга багытталган АтаМЕНен долбоорунун жыйынтоочу иш-чарасы болуп өттү. Иш-чара Нарын жана Ат-Башы райондук мамлекеттик администрацияларынын өкүлдөрүнүн, жергиликтүү бийлик органдарынын, Ага Хан фондунун кызматкерлеринин, MSDSP KG коомдук фондунун Нарындагы офисинин директору Жылдыз Сулейманованын, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Роза Кайыкованын, «Кыргызстан айылдык ден соолук комитеттери» Ассоциациясынын өкүлдөрүнүн жана долбоордун активдүү мүчөлөрүнүн катышуусу менен коштолду. Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө аткаруучу өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү Азамат Алагөз уулу жана Рахат Мамыткожоев долбоордун жыйынтыктары жана аткарылган иштер боюнча презентация кылышты. Жабылуу иш-чарасынын үчүнчү бөлүгүндө “Позитивдүү ата-энелик”, үй- тиричилигинде болгон милдеттердин тең аткарылышы жана үй-бүлөдөгү чечим чыгаруудагы теңчилик боюнча панелдик талкуу уюштурулду. Панелдик талкууга бул багытта кесиптик жана жеке тажрыйбалары менен белгилүү атайын чакырылган коомдук ишмерлер, адистер катышышты.