Асманда ай чар тарап, тегерете ай жар салат

March 25, 2022, 21:50

Баардык автордук укуктар «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан корголгон. Көчүрүүгө жана жайылтып сатууга тыюу салынат!!! “Бешик ырлары” диски «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду өткөргөн жалпы республикалык конкурстун жыйынтыгында мыкты чыгармалардын топтому болуп чыгарылган. Бул топтомду даярдоо менен салттуу (элдик) жана азыркы бешик ырларын даңазалоо аркылуу балдарды эрте өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатын көздөдүк. Бешик ырлары жакшы каалоолор жана бала менен эненин ортосундагы эмоциялык байланышты камсыз кылат. Баланы жакшы көрүүнү билдирүүдө, наристени сооротууда жана уйкуга даярдоодо бешик ырлары көп кылымдар бою жардам берип келген Бул топтомдо салттуу (элдик) жана жаңы автордук бешик ырлары бар. Аткаруучу Зиягүл Сатыбалдиева. Сөзү: Нуржамал Жетикашкаева, обону: Абдылас Малдыбаев Асманда ай чар тарап Тегерете ай жар салат Алдей,алдей бөпө жан Сен да укта магдырап Алдей,алдей жаш бөпөм Сен да укта магдырап Бат чоңойгун жетилип Баса койгун тебишип Басаар, качан минет деп Тайың турат секирип Сен бөлөнгөн бешигиң Ырыскылуу кешигиң Алдей, алдей жата кой Таттуу уйкуга бата кой Таңкы чолпон бата элек Таттуу уйкуң кана элек Алдей,алдей жаш эрмек Уктатайын мен термеп