Бийик болуп дайының, билим менен байыгын

March 25, 2022, 21:50

Баардык автордук укуктар «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан корголгон. Көчүрүүгө жана жайылтып сатууга тыюу салынат!!! “Бешик ырлары” диски «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду өткөргөн жалпы республикалык конкурстун жыйынтыгында мыкты чыгармалардын топтому болуп чыгарылган. Бул топтомду даярдоо менен салттуу (элдик) жана азыркы бешик ырларын даңазалоо аркылуу балдарды эрте өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатын көздөдүк. Бешик ырлары жакшы каалоолор жана бала менен эненин ортосундагы эмоциялык байланышты камсыз кылат. Баланы жакшы көрүүнү билдирүүдө, наристени сооротууда жана уйкуга даярдоодо бешик ырлары көп кылымдар бою жардам берип келген Бул топтомдо салттуу (элдик) жана жаңы автордук бешик ырлары бар. Аткаруучу Зиягүл Сатыбалдиева. Сөзү: Жекшембай Курманов, обону: элдики Бийик болуп дайының Билим менен байыгын Эр жеткенде каралдым Элге тийсин жарыгың Алдей,алдей ыйлаба Апакеңди кыйнаба Жаңы эле ачкан чанагың Жайнайт гүлдөй жамалың Жамалыңдан жыттасам Жанга кубат аламын Алыстабай жаныңдан алдей айтып жалынам Күлкүң уксам тазарам Кундө беш маал жашарам Акыл угуп таалим ал Апаң менен атаңден Узун түндө термейин Укта, укта эрмегим