Алдей, алдей ак балам, арка жөлөөр жан балам

March 25, 2022, 21:49

Баардык автордук укуктар «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан корголгон. Көчүрүүгө жана жайылтып сатууга тыюу салынат!!! “Бешик ырлары” диски «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду өткөргөн жалпы республикалык конкурстун жыйынтыгында мыкты чыгармалардын топтому болуп чыгарылган. Бул топтомду даярдоо менен салттуу (элдик) жана азыркы бешик ырларын даңазалоо аркылуу балдарды эрте өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатын көздөдүк. Бешик ырлары жакшы каалоолор жана бала менен эненин ортосундагы эмоциялык байланышты камсыз кылат. Баланы жакшы көрүүнү билдирүүдө, наристени сооротууда жана уйкуга даярдоодо бешик ырлары көп кылымдар бою жардам берип келген Бул топтомдо салттуу (элдик) жана жаңы автордук бешик ырлары бар. Аткаруучу Зиягүл Сатыбалдиева. Сөзү, обону элдики Алдей,алдей ак балам Арка жөлөөр жан балам Кунан койдун куйругу бышты жегин жан балам Алдей,алдей ак балам Ак бешикке жат балам. Аман-эсен чоңоюп, атакеңе бол жөлөк. Атаң барса айылга куржун толо эт келет Энең барса айылга Эмчек толо сүт келет Кунан койду сой балам Куйругуна той балам Алдей, алдей ак балам, Тердик токуур жан балам Сал,сал сал билек сары майга мал билек Коён коштуу кош билек кошкон майга мал билек Алдей,алдей ак балам ак бешикке жат балам Энекеңди кыйнабай, уктап калчы жан балам, уктай койчу ак балам