Баткендик балдар Ысык-Көлдө эс алууда

June 13, 2021, 22:37

Ысык-Көл облусунун Бостери айылында Баткен жана Лейлек райондорунун чек ара чырында жабыркаган айылдардан келген 70 окуучу жана 20 мугалим үчүн “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду эс алуу уюштурулган. 10 күндүк эс алуу “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду жана Эл аралык “Жетиген” лагери менен биргеликте уюштурулду. Иш-чара БУУнун Аялдар түзүмүнүн жана “Ядран” компаниялар тобунун колдоосу менен болду.