Бишкек шаарынын тургуну Эльнура Апитова 7 жыл Орусияда мигрант болуп иштеген

May 25, 2021, 17:05

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду БУУ Тынчтыкты куруу фондунун колдоосу менен БУУ аялдар түзүмү, Эл аралык миграция уюму, Эл аралык эмгек уюму менен биргеликте ишке ашырылып келген “Коомчулукту инклюзивдүү жана тынчтык жолу менен өнүктүрүүдө миграцияга дуушар болгон аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” долбоорунун алкагында даярдалган материал менен бөлүшөбүз. Бишкек шаарынын тургуну Эльнура Апитова 7 жыл Орусияда мигрант болуп иштеген. Ал чет жерде топтогон каражатына Кыргызстанда өзүнүн жеке бизнесин ачкан. Учурда ишкер айым суши кафесин иштетип, аны күнүнө 15тен ашык кардарга жеткирет. Ага бизнес ачуу жеңил болгон эмес. Алгач жалгыз болсо, азыр команда топтоп, жумуш орундарын түзүп келет.