Акын, котормочу Мукан Асаналиевдин поэзия кечеси өттү

April 11, 2020, 23:49

“Мезгил ыргактары” Мукан Асаналиев, Калчоро Көкүлов 18.05.2018 Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты, жазуучулар союзунун мүчөсү акын, котормочу, коомдук ишмер Жумгал районунун тургуну Мукан Асаналиевдин поэзия кечеси болуп өттү. М.Асаналиевдин орус, англис, түрк, казак жана азербайжан тилдеринен котормолору жана өзү жазган китептери да бар. Ошондой эле 5-6 кино тасманы жана «Курманжан датка» тасмасынын саундтрегин чет тилине которуп чыккан. Ошондой эле жалпы 40 га чукул чыгарманы чет тилине өздөштүргөн.