Р.И.Отунбаева: Муратбек Бегалиев стал классиком национальной музыки и его юбилей отмечается как праздник культуры

December 11, 2015, 06:00

Экс-президент, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И. Отунбаеванын Улуттук Консерваториянын ректору, композитор, Кыргыз Республикасынын эл артисти -

М.А. Бегалиевдин юбилейдик концертиндеги сүйлөгөн сөзү.

 

Муратбек Бегалиев 60-ка толуп бүгүн, өлкөбүздүн маданиятынын эң бир атактуу адамдар ынын бири болуп, жалпы журтка кеңири таанылып, элибиздин сүймөнчөгүно айланган. Советтер Союзу урап, өнөр-жай өчүп, жүз деген өндүрүштөр кыйрап, көп нерседен айрылып, кризиске батып, окуу жайлардын сапаты төмөн түшүп, кур заман, болбос замандан өтүп келе жаткан кезде “кризис” деген сөз чындан эле, кытайлар айткандай, эки иероглифтен турарына ынандык: бир жагынан - кыйроо, чөгүп кетмей болсо, экинчи жагы – мүмкүнчүлүктү жануу процессин көрсөтөт экен.


Муратбек Акимович - бактылуу адам. Абдраев атындагы атайын музыкалык мектебин бүткөн соң Москвадагы Чайковский атындагы Консерваторияга өтуп профессор Чулакинин кол алдында композиция классын бүтүрүп, аны улап ошол жерден аспирантурасын кошо бүтөт. Ал убакта деле, бүгүн да дүйнөлүк ири шаарда атактуу окуу жайын бүтмөй – бул терең, сапаттуу билимдин күбөлүгү болуп, адамдын көз карашын аябагандай кеңейтип, чоң албан иштерге даярдыгын көрсөтөт.


Мен Муратбек менен Зенона экөө менен 1986 же 1987 жылдары өкмөт башчысынын орун басары болуп иштеп жүргөнүмдө таанышып калдым. Эсимде, сабаттуу жаңы кадрларга партия өтө аяр мамиле кылчу, буларга да ошондо жакшы көңүл-камкордук бурулуп турду.


Муратбекти Чынгыз Төрөкулович менен мен тааныштыргам. Чикем тез-тез Москва менен Фрунзенин ортосунда каттап, колго оңой тийбечи эле. Айтматовдун 60 жылдыгынын алдында ошондой мүмкүнчүлүк болуп калып, бул эки чыгармачыл инсандардын достугу, искусстводогу кызматташтыгы ошол кезде башталып, көп жылдар созулуп, ортосунда өтө жогору деңгээлдеги, унутулгус чыгармалар жаралды.


1989 жылы, мен Советтер Союзунун ЮНЕСКО комиссиясынын башчысы болуп иштеп жүргөндө Мурат Бегалиевди Кыргызстандан чакыртып ЮНЕСКОнун стипендиясы менен Германияга жибергем.


1992 жылы Москвадан Кыргызстанга келсем, Б. Бейшеналиева атындагы институттун тегерегинде чоң талаштар кызып жаткан экен. Жаш композитор Бегалиев, музыкадагы авторитеттерге каяша, эч ким ишене албай турган жолду жактап, имарат-базасы бар-жогуна карабай, ошондо жап-жаш болуп туруп, көрөгөчтүгүн көрсөтүп, эч кимдин тилин укпай, бюрократия менен согушуп, биздин жаңы-жаш өлкөбүздүн келечегин ойлоп, өзүнүн күч-талантына ишенип, Зенона жубайы жана бир топ колдоочу адистерге таянып, Кыргызстанда сөзсүз Консерватория болуш керек деп, чоң казатта жүргөн экен.Чынында, мен деле кооптондум эле ошондо: институттун эле алкагында жогорку даражадагы музыканттарды даярдаса болбойбу деп. 1992 жылдын июнунда мен Америкага элчи болуп кетип калдым, бир жылдан кийин Бишкекте Консерватория ачылды деген кабар келди.


Кризис, өткөл заман – жок заман, жүдөө заман деп айтып отуруп көнүп да калыптырбыз. Карасан, 1) бир катардагы адамдар баарын бүлдүрүп, уурдап, жоготуп, турган нерсени талкалап, жок кылып жатса, аларга салыштыргыс, 2) экинчилер жоктон бар кылышып, кыйын болуп турса да жолун таап, курап, куруп, тобокелге карабай жаңыны баштап, ага дем берип, окуу жайдын чырагын күйгүзүп, мына азыркыга чейин 20 жылдан ашык анын отун өчүрбөй, андан бешбетер жалынын күчөтүп, КМШ өлкөлөрдүн арасында эң бир мыкты бекем окуу жай болуп эсептелинип, Кыргыз Улуттук Конскерватория баарыбыздын сыймыгыбызга айланган. Жок болсо жок болуп эле турмак, “На нет суда нет”, - деп коюшат орустар.


Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук Консерватория биздин профессионалдык музыка искусствосунун ак-бешиги. Ал жерден 1500 квалификация алган кадралар бүгүнкү күндө өлкөбүздө ар бир театр-концерттик мекемелерде, музыкалык окуу жайларда иш жүргүзөт. Консерваториянын бүтүрүүчүлөрүнүн арасында 500дөн ашык атактуу эл-аралык конкурс, фестивалдардын лауреаттары бар. Кыргыз элине эмгек сиңирген, атактуу, эң берекелүү артисттерибиз, ушул залда отурган эжеке, агайларыбыз, музыка адистерибиз өткөн 20 жыл ичинде Консерваторияда сабак берип, жаңы муунду окутуп-өстүрүп, өздөрүнүн да таланттарын сактап, өрчүтүп, бул окуу жайды өркүндөтүштү.


Консерватория – бул Муратбек Бегалиевдин акыл-колунан жаралган “тун баласы” десем жаңылбайм. Алдыбызда-өлкөбүздүн музыкадагы түрүү классиги турат. Анын эмгеги, анын Кыргыз искусствого жазаган өчпөс-өлбөс салымы, талашсыз! Бүгүн биздин өлкөнүн искусствосун, биздин музыкалык турмушту Бегалиевсиз, ал курган Консерваториясыз элестетүүгө мүмкүн эмес!


Биздин оор турмушту, жокчулукту-жарчылыкты, жапайы базар экономикабызды, жоон, толтура миграция агымдарды, аркасында короо-короо , интернаттарда калган жетим сөрөй балдарды, зордук-зомбулукка учураган бечара келиндер-аялдарды, кароосуз калтырылган кыргыздын эле кемпир-чалдарын – бул турмуштун ак-карасын, акыркы 20 жылдан бери баарыбызды коргоп, сүйүндүрүп, жылмайдырып, кооздоп, бакытка бөлөп, сооротуп, кыялдандырып, келечекке ишендирип келе жаткан - бул Искусство, Музыка, Адабият, Поэзия, Бий, Театр, Сүрөт.


Искусство адамдары: Мурат Бегалиевдей маэстродон баштап, күнүгө радиодон угулган ырчыларга чейин, тынбай, чарчабай, күнү-түнү иштеп, көнүлүбүздү ачып, жибитип, элибиздин рухун, жанын жандантып турушат. Окүнүчтүү, биздин искусство аянтында иштегендердин эмгегине биз алигече жарашыктуу, татыктуу баа берелекпиз, бере албай жүрөбүз! “Народы измеряются своей литературой”, - деген Виктор Гюгонун сөзүн жакында окуп алып, ичим ачышып калды. Биздин карызыбыз кечирилгиз...


Бүгүнкү күн, азыркы салтанаттуу концерт – композитор, Кыргыз эл артисти М. Бегалиевдин 60 жылдыгына арналат. Өзү окуткан, өзү түзгөн оркестрлер, хорлор, труппалар атактуу маэстронун музыкасын ойношот, ырдышыт, бийлешет. Мындый кеңири, кооз, жогорку деңгээлдеги искусство парады, искусствонун маршалы Мурат Бегалиевдин сиздердин алдында бүгүн чоң сыноодон өтөт. Бүгүн улутубуздун чоң майрамы: элге эмгеги сиңирген деп ушуну айтабыз: сонун симфониялар музыка жаратып, нукура кыргыз күүлөрүн анын ичине арыктын суусундай чаап, киргизип, Консерваториянын класстарынан баштап алыскы тоолуу айылдардагы элге классикалык музыканы тартуулап – буга менин да Фондум жакында көмөк көрсөтүп турду – мына ушинтип элибиздин биримдигине баасыз салым жасаганы. Анткени искусство гана эл,улуттар арасындагы барьерлерди сындырып, баарын бириктирип, цементтейт. Азыркы кооптуу заманда жаштардын акыл – мээсине ачкыч издеп, аларды радикализм, экстремизмден коргоп турганда, искусство жана маданиятты колго алышыбыз абзел! Томас Манн айтыптыр “Театр превращает толпу в народ” деп, бул сөздөр баарыбызга тиешеси бар. Композитор, профессор, ректор - Муратбек Бегалиевдин мындай заманда ролу өтө зор!


60 эле жашка чыгып, акыл-күчү толуп, таланты гүлдөп турган чагы! Алдыда далай аткара турган идея, проекттери бар! Уюштургуч башкаруу жөндөмдүгү, композитор катары таланты, мамлекеттик акыл-ою, көз карашы – булардын баарынын ишке аша турган аянты, перспектива, горизонту өтө кенен!


Муратбек иним, бар бол, бекем бол!


Бир топ чоң ашууларда өлкөңө ак кызмат кылып, жаш мамлекеттүүлүгүбүзгө баа жетпес чоң салым салдың. Элиң сага ыраазы. Али алдыда далай Кырдаалдар туру! Элге дайыма тирек болуп турасың деп , күнөмсүз ишенем.


Майрамың кут болсун!