В Оше состоялось награждение победителей конкурса «Лучший центр развития досуга 2023 года»
June 4, 2024, 09:032024-жылдын 3-июнунда Ош Мамлекеттик педагогикалык университетинде “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулган 2023-жылдык сынакта “Мыкты Жайлоо өнүктүрүү борборлорун” сыйлоо аземи жана педагогдору үчүн методикалык жардам көрсөтүү семинарлары уюштурулду. “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду негизделгенден бери билим берүүгө өзгөчө көнүл буруп келет. 2012-жылдан тарта Роза Исаковна Отунбаеванын демилгеси менен “Жайлоо өнүктүрүү борборлорун” уюштурулган. Бул жылдар аралыгында Республика боюнча 20 000 бала, 7000 ата-эне жана 1500 педагог катышкан Жайлоо өнүктүрүү борборлору ишмердүүлүгүн улантып келет. Жыл сайын тематикалык сынактар уюштурулуп, жеңүүчүлөр аныкталып, шыктандыруучу сыйлыктар ыйгарылып келүүдө. Былтыркы 2023-жылы “Климаттын өзгөрүшүнө, адаптацияга жана этно педагогикага байланышкан “Мыкты ЖӨБ” жана балдар арасында сүрөт тартуу боюнча сынагы уюштурулган. Анын жыйынтыгында Нарын жана Ош облустарындагы жайлоо бала бакчалары байгелүү орундарга ээ болушту.