Прошел день Кыргызстана на выставке «Жибек Жолу»
April 12, 2019, 06:002019-жылдын 12-апрелинде Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр Сүрөт Музейинде өтүп жаткан Жибек жолу интерактивдүү көргөзмөсүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын күнү болуп өттү.Көргөзмө “Ордо-Сахна” этнографиялык театрынын “Чоӊ казат” чыгармасын аткаруусу жана Самат Көчөрбаевдин “Манас” эпосунан үзүндү айтуусу менен башталды. Бул иш чараны расмий ачып жатып КР экс-Президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык Коомдук Фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева өспүрүмдөргө кайрылып, аларды билимдүүлүккө, билгичтикке үндөдү, техникада, илимде кыргызстандык жаштар дүйнө эли менен атаандаш болуусуна ишеничин жана үмүтүн билдирди. Ошондой эле жакында Азия чемпионатында алтын медалдын ээси болуп келген Айжан Таштакеевага ыраазылык билдирип, өзүнүн белектерин тапшырды. Ошондой эле расмий ачылыш “Кийиз дүйнө” Коомдук фондунун салттуу кийимдерин көрсөтүү менен уланды. Бой үйдө чүкө, тогуз коргоол, беш таш оюндары ойнолду. Балдарга анимациялык фильмдер көрсөтүлдү. “Жылдыздар балдарга китеп окуйт” долбоорунун алкагында КР билим берүүсүнө эмгек сиӊирген кызматкер С.Челпакова балдарга китеп окуп берди. Чач өрүү, элечек ороо, керме сайма, стол үстүндөгү “Көк бөрү”, чий куурчак, роботторду көрсөтүү, техника “Граттаж”, “Көчмөндүн календары”, “Шкала времени и поход прошлое”, Жибек жолу темасында пазлдарды топтоо боюнча мастер класстар көрсөтүлдү. Кире бериште болсо көрүүчүлөр менен биргеликте улуттук оюндар: чака чапмай, бука челмей, топташ, шакек салмай, жоолук таштамай ойнотулду, тайгандардын парады көрсөтүлдү. Кинозалда болсо кинолор көрсөтүлүп, дизайнер Дилбар Ашимбаева менен жолугушуу өткөрүлдү. Тарых илимдеринин карндидаты Мурат Иманкулов “Улуу Жибек жолу. Өткөн доор, бүгүнкү күн, келечек” аталышындагы лекциясын окуду. Кыргызстан күнү өзүнүн бай жана кызыктуу мазмуну менен көрүүчүлөрдү өзүнө тарта алды.