logo
  • Кырг
  • Рус
  • Eng
  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Инициативы
  • Книги
  • Сотрудничество

Пресс-центр

  • Новости
  • Пресс-релизы
  • Анонсы и объявления
  • Выступления и доклады
  • Фотогалерея
  • Видео
  • Подкасты
  • Главная >
  • Пресс-центр >
  • Фотогалерея

Состоялся вечер поэзии «Поэтерапия»

December 16, 2017, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүккө ээ болгон жаш акындар Калича Жакыпованын жана Жылдызбек Турсунбаевдин чыгармачылыгына арналган кече 2017-жылдын 15-декабрында Филармониянын кичи залында өттү. Калича Жакыпова Эл аралык “Шабыт” фестивалынын лауреаты. Түрк дүйнөсүнүн жаш жазуучулар биримдигинин мүчөсү. Анын ырлары өзүнүн лирикалуулугу менен өзгөчөлөндү. Жылдызбек Турсунбаев Манасчылык жана сөзмөрдүк өнөрү боюнча республикалык бир нече таймаштардын баш байгесин багындырган. Эл Аралык «Нурборбор» чыгармачыл академиясынын, «Айтыш коомдук» фондунун жана «Калемгер» адабий клубунун мүчөсү. Ырларында көбүнчө публицистикалык темаларга кайрылганды жактырганы менен элдин көңүлүн өзүнө бурду. Кеченин катышуучулары жаш акындарды кызуу кол чабуулар менен коштоп турушту. Кечени белгилүү акын Мирлан Самыйкожо алып барды.

Loading...
logo

меню

  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Инициативы
  • Книги
  • Сотрудничество

Контактная информация

  • Телефон: +(996) 312 660 382
  • E-mail: office@roza.kg

мы в соцсетях

  • Twitter
  • Facebook
  • Youtube
  • Instagram