Чүй облусунда «5 КАДАМ» китебинин презентациясы өттү
March 6, 2026, 20:02
2026-жылдын 6-мартында Чүй облусунун Нарзан айылында «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду ишке ашырып жаткан «Бешке чейин үлгүр» долбоорунун алкагында басылып чыккан «5 кадам» китебинин презентациясы өткөрүлдү.
Иш-чарага 5 жашка чейинки балдары бар ата-энелер, Нарзан айыл өкмөтүндөгү бала бакчалардын жетекчилери, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар «Бешке чейин үлгүр» долбоорунун максаттары менен таанышып, баланын алгачкы жаш курагында ата-энелер өзгөчө көңүл бурушу керек болгон маанилүү аспекттер тууралуу маалымат алышты.
«Балдарды беш жашка чейин өнүктүрүү өзгөчө маанилүү. Бул мезгил – баланын жашоосундагы алтын доор, анткени дал ушул учурда мээнин эң активдүү өнүгүүсү жүрөт. Ошондуктан ата-энелер бул этапта баланын өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бурушу керек», — деп белгиледи Роза Кайыкова.
Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Адилет Кенжеев иш-чаранын катышуучуларына кайрылып, мындай демилгелер жергиликтүү жамаат үчүн абдан маанилүү экенин белгиледи.
«“Роза Отунбаеванын демилгеси” фондуна ата-энелер үчүн пайдалуу маалыматтарды жеткирүүгө багытталган бул демилге үчүн ыраазычылык билдиребиз. Балдардын эрте өнүгүүсү — келечек муундун сапаттуу өсүшүнүн негизи. Ошондуктан ата-энелерди ушундай жолугушууларга активдүү катышып, балдардын тарбиясы жана өнүгүүсү тууралуу маалымат алууга чакырам», — деп билдирди ал.
Иш-чаранын алкагында адистер тарабынан пайдалуу лекциялар уюштурулду.
Психолог Асель Суюнбаева «Бактылуу баланы кантип чоңойтобуз?» деген темада баяндама жасап, ата-энелерге баланын психологиялык өнүгүүсүнө туура шарт түзүүнүн маанисин түшүндүрдү. Ал эми психолог Гүлзат Исабекова «Балдардын эмоционалдык интеллекти» темасында лекция окуп, балдардын эмоцияларын түшүнүү жана башкаруу жөндөмдөрүн өнүктүрүү боюнча кеңештери менен бөлүштү.
Ошондой эле балдар үчүн атайын өнүктүрүүчү мастер-класстар уюштурулуп, ата-энелер арасында кызыктуу викторина өткөрүлдү. Викторинанын жеңүүчүлөрүнө балдар велосипеди, самокат жана балдар чатырчасы сыяктуу белектер тапшырылды.
Иш-чаранын дагы бир маанилүү бөлүгү — катышуучуларга психолог жана педиатр тарабынан акысыз консультациялардын берилиши болду. Бул мүмкүнчүлүк ата-энелерге балдардын ден соолугу жана өнүгүүсү боюнча адистерден түздөн-түз кеңеш алууга шарт түздү.
«5 кадам» китеби жана ушул сыяктуу маалыматтык иш-чаралар ата-энелерге баланын эрте өнүгүүсүнүн маанисин түшүнүүгө көмөктөшүп, үй-бүлөдө сапаттуу тарбия берүү маданиятын жайылтууга багытталган.



















