Кыргызстанда биринчи жолу “Аталар” форуму өттү
December 12, 2025, 07:31
2025-жылдын 9-декабрында Нарын шаарында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду балдардын өнүгүүсүнө аталардын катышуусун жогорулатууга багытталган “АтаМЕНен” долбоорунун алкагында Кыргызстандагы алгачкы “Аталар” форумун өткөрдү.
Иш-чаранын негизги максаты — баланын төрөлгөн күнүнөн тартып өнүгүүсүндө атанын ролун күчөтүү, ата-энелик маданиятты жаңы деңгээлге чыгаруу, активдүү жана камкор аталык боюнча илимий жана практикалык тажрыйба менен бөлүшүү үчүн аянтча түзүү болду. Ошондой эле форум үй-бүлөлүк баарлашуунун позитивдүү моделдерин жайылтып, балдардын жыргалчылыгын жогорулатуу маселесине коомчулуктун көңүлүн бурууну көздөйт.
Форумга Фонддун аткаруучу директору Кайыкова Роза, КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айдана Иманалиева, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин орун басары Мурзалымбекова Венера, Ага Хан Фондунун долбоор менеджери Икрамова Асель, Нарын шаарынын, Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын районунун тургундары, белгилүү аталар жана эксперттер катышты. Фонддун директору Роза Кайыкова саламдашуу сөзүндө катышуучуларга ыраазычылык билдирип, зал толо келген аталардын жана коом өкүлдөрүнүн бала тарбиялоого кайдыгер эмес экенин өзгөчө белгиледи. Ошондой эле жергиликтүү бийликке, өнөктөштөргө жана тургундарга долбоорду ишке ашыруудагы колдоосу үчүн рахмат айтты.
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин орун басары Мурзалымбекова Венера “АтаМЕНен” долбоорун Ат-Башы районунда ишке ашыргандыгы үчүн Ага Хана жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонддоруна ыраазычылыгын билдирди. Ал өз сөзүндө “Аталар” форуму сыяктуу иш-чаралар коомдогу аталардын ордунун маанилүүлүгүн баса белгилээрин айтты. Балдарыбыз бактылуу үй бүлөдө, позитивдүү аталардын образын көрүп чоңоюшун каалайм деген тилегин билдирди.
Ага Хан Фондунун өкүлү Асель Икрамова Фонд ишке ашырган “АтаМЕНен” долбоорунун фонддун биринчи фазасы ийгиликтүү жыйынтыкталганын жана анын натыйжасында экинчи этапты баштоо чечими кабыл алынганын билдирди. “Долбоор аталардын билим деңгээлин көтөрүп, үй-бүлөгө активдүү катышуунун маанисин арттырды. Максатыбызга жеттик деп ишенем”, — деди ал.
Долбоор алкагында Ак-Моюн жана Бирлик айылдарынын окуучуларынын арасында уюштурулган “Келечекте кандай ата болом?” деген темада эссе жазуу сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо жана мини-гранттардын жеңүүчүлөрүнө сертификат тапшыруу аземи болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө панелдик дискуссия болуп адистер жана үлгүлүү аталар ата-энелик маданият, позитивдүү тарбия берүү жана баланын психологиялык коопсуздугу тууралуу ой-пикирлери менен бөлүштү. Шахмат боюнча чемпиондорду тарбиялаган тогуз баланын атасы Съездбек Таштекеев – үй-бүлөдөгү атанын ролу жана чемпиондорду тарбиялаган тажрыйбасы жөнүндө айтып берди. Самат Бакасбеков – футбол боюнча машыктыруучу жана блогер катары позитивдүү ата болуунун маанисин баса белгиледи. Психолог Асель Сүйүмбаева – авторитардык жана гуманисттик тарбиянын айырмаларын түшүндүрүп, алардын баланын психологиялык абалына тийгизген таасирин салыштырмалуу баяндады. Жаныбек Абидетегин – балдарга китеп окуунун пайдасы жөнүндө айтып, ата-энелерди үйдө күн сайын балага китеп окуу адатын киргизүүгө чакырды.
Мындан тышкары, долбоордун катышуучулары — Бакыт Исмаилов, Бакыт Асанбаев жана Байыш Абдыбеков — “АтаМЕНен” долбоору алардын турмушуна кандай өзгөрүүлөрдү алып келгенин жана ата катары жүрүм-туруму кандай өнүккөнүн жеке тажрыйба аркылуу бөлүшүштү.
Форумдун өзгөчөлүктөрүнүн бири — ата-энелер жана балдар үчүн уюштурулган практикалык аянтчалар болду. Катышуучулар төмөнкү аянтчалардан өтүштү: Нарын мамлекеттик университетинин окутуучусу Ильмира Шерматова тарабынан нейро-оюндар, Эмгекчил айылынын Жайлоо өнүгүү борбору китеп жана китеп окуу маданияты, эбру – сууга сүрөт тартуу, сүт менен сүрөт тартуу жана илимий эксперименттерди көргөзсө, Съездбек Таштекеев шахмат, Ак-Талаа районунун Жайлоо өнүгүү борборлору тарабынан чүкө оюндары боюнча ата-эне жана балдарга мастер класстар өткөрүлдү.
Форумдун жүрүшүндө аталар арасында кызыктуу конкурстар уюштурулду: аталар үчүн онлайн викторина, “Аталар тамактарды табышат” жана “Аталар балдар үчүн тамак даярдайт” аттуу практикалык мелдештер ата-энелердин активдүү катышуусуна шарт түздү.
Катышуучулар үчүн медициналык адистерден акысыз кеңештер да берилди. Невролог/психолог Күлүкан Жузуева, психолог Асель Суюмбаева жана логопед Салтанат Садырбаева ата-энелерге акысыз акысыз консультация беришти.
Форум ата-энелер менен балдарга жылуу маанай тартуулап, “балага сапаттуу убакыт берүү — эң чоң белек” экенин дагы бир жолу эскертти. Бул иш-чара ар бир ата-энени өз баласынын келечеги үчүн жоопкерчилигин кайрадан ойлонууга чакырган маанилүү кадам болду.
Долбоордун биринчи этабы 2022–2023-жылдары Нарын облусунда ишке ашып, 2025-жылдын август–декабрь айларында экинчи этабы Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл аймагында улантылды. Долбоор Ага Хан Фонду жана Канаданын Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылды.
























































































































