Климаттын өзгөрүүсүнө ылайыкташуу жана жигердүү айымдарды колдоо максатында жаңы объекттер ачылды.
October 30, 2024, 09:43Лейлек районунда “Аялдар тынчтык тиреги” долбоорунун алкагында климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашууну, социалдык биримдикти жана жигердүү айымдарды колдоого багытталган демилгелердин негизинде жаңы объекттер ишин баштады.
29-октябрь күнү “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Р.Ж.Кайыкова жана фонддун кызматкерлери айрым демилгечи топтор менен жолугуп,алардын иштери менен таанышты.
Лейлек айыл аймагынын Кара-Суу айылынын Минажат Полотова башында турган демилгечи топ тарабынан ишке ашырылган аялдардын ресурстук борбору айыл аймагындагы кыз-келиндердин, жаштардын жаңы технология, маалыматка ээ болуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. Ресурстук борбор Лейлек айыл өкмөтү тарабынан капиталдык ремонттон өткөрүлгөн имаратта орун алган.
Ал эми чебер жана активист айымдарды бириктирген демилгечи топтун тигүү цехи дагы ушул эле имаратта жайгашкан. Топтун жетекчиси Разия Темирбаева ишкананын ачылышы аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, алардын жамаат ичиндеги активдүүлүгүнө салым кошуп жатканын белгиледи. Лейлек айыл аймагында долбоордун алкагында ишке кирүү алдында турган дагы бир демилге -бул салттуу килемчиликти өнүктүрүүнү максат кылган демилгечи топтун жүн иштетүү объектиси. Аталган демилге салттуу килем токуу аркылуу социалдык маселелерди чечүүгө гана көмөк көрсөтпөстөн, акыркы учурларда кайра иштетилбей калдыкка айланып жаткан жүндү колдоону көйгөйүн дагы чечүүгө салым кошот.
Кийинки жолугушуулар Сумбула айыл аймагындагы “Ыктыярчылар”, “Органикалык аймак”, “Эко-күнөскана”, Айымдардын тигүү цехи, “Фруто-вомен” демилгечи топторунун долбоорлорунун ишке кириши учурунда болду. “Ыктыярчылар” долбоору айыл аймактын жаштар уюму аркылуу аларлын активдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Жаш ыктыярчылар социалдык биримдик, климат, гендендик теңчилик багытында иш алып бармакчы. “Органикалык аймак” демилгеси айыл тургундарынын арасында экологиялык айыл-чарба тажрыйбаларын жайылтууну максаттайт.
“Эко-күнөскана” демилгеси күн энергиясын кошумча кубат катары пайдаланууга ыңгайлашкан. Андан сырткары бул күнөскана жер-жемиш, мөмөлөрдү жетиштирүүдө биогумус сыяктуу органикалык заттарды колдонот. Ал эми “Фруто-вомен” демилгеси Сумбула айыл аймагындагы мөмө-жемиштерди жаңы технологиялар менен кургатып, кайра иштетүүнү көздөйт.