Лейлек районунда "Аялдар – тынчтык тиреги" долбоорунун алкагында чакан грант алуучулардын демилгелеринин онлайн ачылышы болуп өттү

October 17, 2024, 08:41

2024-жылдын 14-октябрында Лейлек районунда "Аялдар – тынчтык тиреги" долбоорунун алкагында чакан грант алуучулардын демилгелеринин республикалык деңгээлдеги онлайн ачылыш аземи болуп өттү. Бул иш-чарада "Жигердүү аялдар" маалымат борбору жана "Кара-Суу бренд" тигүү цехи ишке киргизилди.


Ачылышка онлайн режимде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Акылбек Жапаров, Президенттин 7 облус боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын өкүлдөрү, ал эми оффлайн форматта Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, айыл өкмөтүнүн башчысы, аксакалдар кеңешинин лидерлери, аялдар кеңеши, жаштар лидерлери жана башка активисттер катышты.


Бул демилгелер долбоордун максаттарын ишке ашырууга багытталган жана аялдардын, кыздардын жана жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө арналган. Атап айтканда, гендердик өнүгүү, климаттын өзгөрүшүнө адаптация, социалдык биримдикти бекемдөө жана тынчтыкты орнотуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.


Лейлек айыл аймагында “Аялдар-тынчтык тиреги” долбоорунун алкагында дагы 2 демилге: Килем токуу үчүн жүн иштетүүчү цехи жана аялдар үчүн фитнес борбору жакын арада ишке киргизилет. Ошону менен катары Лейлек жана Баткен районундагы пилоттук айыл аймактарында Фонд аркылуу дагы 29 чакан гарнттар ишке ашырылууда.


"Аялдар – тынчтык тиреги" долбоору БУУнун Тынчтык куруу фонду тарабынан колдоого алынып, "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду, БУУнун Кыргызстандагы Аялдар түзүмү жана БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму тарабынан ишке ашырылууда.