Фонддун директору Кыргыз Республикасындагы Ага Хан фондунун филиалынын директору менен жолукту

August 29, 2024, 06:17
2024-жылдын 28-августунда "Роза Отунбаеванын демилгеси" Эл аралык коомдук фондунун директору Роза Кайыкова Кыргыз Республикасындагы Ага Хан фондунун филиалынын директору Давлатсултон Доргабекова менен жолукту.

Жолугушууда Кыргызстандын балдарынын ар тараптуу өнүгүүсүнө шарт түзүү максатында эрте өнүгүү жана билим берүү тармагындагы маселелер жана бул багыттагы биргелешкен долбоорлор талкууланды. Өзгөчө тараптар Нарын облусунда КАДК уюму менен биргеликте ишке ашырылган АтаМЕНен долбоорунун жыйынтыктарын жана жергиликтүү калкка тийгизген таасирин белгилешти.

Жолугушуунун жүрүшүндө эрте куракта өнүктүрүү программаларын кеңейтүү жана аймактардагы, өзгөчө айыл жерлериндеги балдардын сапаттуу билимге жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелери козголду. Тараптар балдарды жаш курагынан тартып колдоонун маанилүүлүгүн белгилешип, өлкөдө билим берүүчү туруктуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча биргелешип иштөөгө даяр экендиктерин билдиришти.